Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

ГЕЙДАР АЛИЕВДИН УУЛУ МУРАСКОР-ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНАБЫ ЭМИ


Хаким Озген Азербайжандын Президенти Гейдар Алиев үстүбүздөгү айдын 15-де өткөрүлө турган президенттик шайлоолого катышуудан, уулу Илхам Алиевтин пайдасына баш тарткандыгын билдирүүсү, Азербаижанда сайасий бир доор соңуна чыкты дегендикти түшүнтүрөт.

Азербайжанды 30 жылдан ашуун мезгил башкарып, өлкөсүнүн жакынкы тарыхына күчтүү тамгасын урган президент Гейдар Алиев, үстүбүздөгү айдын 15-де өткөрүлө турган шайлоого катышуудан баш тартып, уулу Илхам Алиевти өзүнө сайасий мураскер дайындады. Улуттук теле-көрсөтүүдө окулган элге кайрылуусунда Алиев, «Азери калкына кызмат менен өткөн 60 жылдан кийин, алдыда дагы көптөгөн милдеттер толук аткарылбай калганын, ошондой эле уулу Илхам Алиев, журтчулуктун колдоосу менен, чала калган иштердин соңуна чыгарына» ишенгенин билдирүүсү аркылуу бир четинен өзүнүн сайасий турмушуна чекит койсо, ошол эле учурда, мурдагы Советтик жумуруйаттардын алгачкысы катары Азербаижанда, бийликтин атадан уулуга мурас калуу мүмкүнчүлүгүнүн, мындайча айтканда “сайасий династийанын” жолун ачкандай болду.

Эки айдан ашуун увакыттан бери АКШнын Охио штаатындагы Клевленд клиникасында жүрөк жана өнөкөт бөөрөк оорусунан эмделип келе жаткан бул улгайган “каршкыр сайасатчынын” кийинки билдирүүсү еч кимди таң калтырбады. Ошондой болсо дагы, анын сайасый сакнадан кетүүсү, бул- мунайга бай Түштүк Кавказ өлкөсүнүн көкөй-кести окуйаларга жык толгон тарыхындагы ири бурулуш учурлардын бири экендигинде шек жок.

Толук аты Геидар Алирыза Оглу Алиев болгон Азери лидери, 1932- жылдын 10-май күнү Нахичеванда темир жол жумушчусунун үй-бүлөөсүндө туулган. Ал, мансабын КГБ-нын катарында баштап, коммунисттик партийанын тепкичтеринде ылдамдык менен көтөрүлдү. 1969- жылда Азербайжан Коммунисттик партийасынын БКсынын биринчи катчылыгына дайындалган Гейдар Алиев ошол кызматын 1982- жылга чейин кармап калып, ошо жылы КПСС-тын Сайасий Бюросунун алгачкы мусулман мүчөсү болду. Бирок, 1987- жылда Михаил Горбачевтун кайра куруу жарайанынын алкагында сайасий бюродон четтетилгенде, анын карьерасы жаңы бир багыт алды. 1990- жылда туулуп-өскөн жери Нахичеванга барып, өзүнүн сайасий келечеги үчүн пландап жүргөндө мүмкүнчүлүк 1993- жылда өз-өзүнчө алдына келди. Ошо кезде Тоолу Карабак согушу катуу жүрүп жаткан кез эле жана президент Ебулфейз Елчибейге каршы армийа көтөрүлүп жаткан болуучу. Алиев парламент спикери болуп берсин үчүн Бакыга чакырылды. Ошонон бир канча жума өтпөй туруп эле, Елчибей Түркийага качууга аргасыз болду жана Г.Алиев, ириде увактылуу президенттик болуп калып, ошол жылы өткөрүлгөн шайлоодо президенттике шайланды. Тез арада армийанын катарындагы баш көтөрүү аракетин басып, Батыштык компанийалар менен Азербайжандын мунай өнөр-жайын түпкү тамырынан бери кайра куруу жана өнүктүрүү максатында “кылымдын келишими” деп аталган контрактыларды түздү; темир-муштум сайасаты менен жикке бөлүнгөн өлкөсүндө тартипти кайра калыбына салды; өтө кымбатка турган болсо дагы, Арменийа менен ок атышууну токтотуу келишимин түздү. Бул келишим аркылуу, Азербайжандын териториясынын 13 проценти Армийан сепаратисттердин контролуна өттү.

Бирок, анын башкаруусунда ар нерсе телегейи текши жүрдү дешке да болбойт. Алиев өзүн жактоочулардын мамлекетти тоноосуна көз жумуу менен, ордун сактап калууга үлгүрдү. Учурда Азербаийанда, бир уучтай азчылык обу жок байып- эң эле жыргал турмушта жашап жаткан болсо, элдин 40 пайызы, жакырчылыктын минималдуу деңгеелинен төмөнкү шарттарда күн өткөрүүдө.

Үстүбүздөгү жылда Алиевтин ден соолугу кескин начардады. Апрел айында бир теле-каналдын түз берүүсүндө сүйлөп жатканда үн эсин жоготуп 8- июлда, Түркийадагы бир ооруканага, анан ары АКШга которулду. Ал президенттик шайлоого талапкер катары уулу Илхам Алиев менен бирге катталган эле. Ата Алиевтин майдандан кетүүсү менен уул Алиев шайлоо өнөктүгүндө алдыңкы катарга чыккандай сезилгени менен, айрым сайасий талдоочулардын пикиринде, атанын кетиши уулдун шайлоодо жеңип чыгуусуна түрткү боло албайт. Тескерисинче, бүгүнгө чейин Г.Алиевдин шарапаты менен анын тегерегинде баш кошкондор, мындан ары эркиниреек аракет етүүгө мүмкүнчүлүк табышат.

Президенттике талапкерлерден Азербайжандын улуттук азаттык партийасынын лидери Етибар Мамедовтун пикиринде, Г.Алиевтин шайлоодон кетиши, оппозициянын пайдасына болот, ошондой эле Гейдар Алиев өлкөдөн кеткен учурдан тартып эле анын көптөгөн колдоочулары пикирин алмаштырды жана Илхам Алиевке жөлөк болуучу бир күч калбады.

Аналитиктердин пикиринде, кенже Алиевтин алдында турган кыйын проблемалардын бири бул - жогорку деңгээлдеги башкаруучулардын арасында өзүнүн күч базасын бекемдөө. Өкүмөттөгү бардык чөйрөлөр бүгүнгө чейин ага ашкере колдоо билдирип келген менен, жогорку даражалуу жетекчилердин арасында анын каршыларынын саны да аз эмес экендиги билдирилүүдө. Ошондой болсо дагы, башкаруудагы кландын шайлоого чейин кандайдыр бир жикке бөлүнүүсү анча күтүлбөйт; бирок Гейдар Алиевтин сайасий аренадан кетүүсү, шайлоодон кийин анын уулу үчүн орчундуу натыйжаларды алып келеринде күмөн жок.

Жыйынтыктай кете турган болсок, башкаруудагы катаалдыгы, эпчилдиги жана акылмандыгы себебтүү бирде карышкыр бирде максиавелист, - Азербайжанды узун мезгилге башкарганга баланыштуу Азерилердин көпчүлүгү тарабынан Ата деп аталып келген Гейдар Алиевтин сайасий аренадан кетүүсү, Азербайжанда жана Кавказ чөлкөмүндө гана эмес, жалпы региондо, анын ичинде коңшулаш Түркияда ошондой эле, Борбордук Азия жумуруйаттарында дагы, бул же тигил деңгээлдеги таасирленүүлөрдү пайда кыларында шек жок.

XS
SM
MD
LG