Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

НОБЕЛДИН ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫНЫН ТАРЫХЫНАН БИР ШИҢГИЛДЕР


Дүйнөдө 300дөн ашык тынчтык сыйлыгы бар. Бирок эмне себептен алардын ичинен Нобел сыйлыгы айрыкча барктуу? Себеби бул сыйлыктын лауреаттары адатта бейкуттук, акыйкаттык, адам укуктары үчүн башын канжыгага байлап, жан үрөгөн ишмерлер болушат. Лауреаттар атактуу сыйлык менен кошо 1 миллион 300 миң доллар алганы да көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Арийне, бул сыйлыктын 100 жылдан ашкан тарыхында ыңгайсыз ахвалдар да болбой койгон эмес.

19-кылымда динамиттин ойлоп табуучусу Алфред Нобел бул жардыргыч заттан коркконунан дүйнө элдери эч качан бир бирине каршы согуш ачпайт деп үмүттөнгөн. Бирок мындай вазийпаны 20-кылымда ойлонуп табылган атомдук бомба да аркалай алган жок. 21-кылымда да кандуу кармаштар адамзат тарыхынын башкы кыймылдаткыч күчү бойдон кала берүүдө. "Тынчтык сыйлыгы шилтеп койсо эле тынчтык орното койчу сыйкырдуу таяк эмес". Нобель комитетинин катчысы Гейр Лундештадттын бул сөзүндө калет жок... Бирок адам илгери үмүт менен жашайт. Ошол сыңарында аты-жөнү ачыкка чыгарылбаган беш кишиден турган норвегиялык Нобель комитети адамзаттын акыйкаттыкка, демократияга жана бейкуттукка умтулуусун колдоп, үмүт отун өчүрбөй келет.

2003-жылкы Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээлери 10 октябрда жарыяланат. Ага чейин биз бул сыйлыктын бир кылымдан ашкан тарыхындагы айрым калпыс жагдайларга токтолсок.

Индустандын атактуу уулу, бүт дүйнөгө таанымал пацифист же тынчтык үчүн күрөштүн активисти Махатма Ганди Нобелдин тынчтык сыйлыгына эң бир татыктуу адамдардын бири болгонун бүгүн да эч ким танбас. Ошого карабастан, Нобел сыйлыгына анын талапкердиги беш ирет көрсөтүлүп, бир ирет да алган эмес. 1989-жылы Нобель комитети Тынчтык сыйлыгын Тибеттин сыймыктуу руханий лидери Далай Ламага тапшырганда, бул ишара кайсы бир деңгээлде Махатма Гандинин да эмгегин баалоо экендигин айтып, мурда кетирген катачылыгын кеч болсо да моюнга алган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тынчтыкка караганда согушка көбүрөөк дитин койгон адамдарга берилген учурлар да болгон.

AKШнын мурдагы президенти Теодор Рузвельт "жумшак сүйлө, бирок ур токмогуңду көтөрө жүр" деген түшүнүктү карманган киши болгон. Ошого карабастан, Орус-жапон согушун токтотууга салым кошкону үчүн, 1906-жылы Нобел сыйлыгын алган.

1973-жылы бул сыйлык АКШнын Мамлекеттик катчысы Генри Киссинжерге ыйгарылган. Ошондо Вьетнам согушун баштаган өлкөнүн расмий өкүлү ал согушту токтоткону үчүн сый алганы канчалык орундуу деп көпчүлүктүн башы каткан.

1990-жылы Нобель комитети Советтер Союзундагы кайра куруу ишмердиги үчүн Михаил Горбачевго сыйлык берилээрин жарыялаган. Мындан көп өтпөй, Горбачев Балтия өклкөлөрүндөгү саясий эрегишүүнү күч менен басууга буйрук берген.

Нобель сыйлыгы айрым өкмөттөрдү безге сайгандай так секирткен учурлар да жок эмес. 1935-жылы немис диссиденти Карл фон Осецкийге сыйлык ыйгарылганда, Адольф Гитлер Германиянын жарандарына бул сыйлыкты алууга тыйуу салган.

Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин Нобель сыйлыгы негизинен Европа менен Американын жарандарына берилип келсе, 1945-жылдан тарта дүйнөлүк масштабдагы демократиялык кыймылдын өкүлдөрүнө жана укук коргоочу активисттерге бериле баштады. Алардын арасында апартеид режимине каршы күрөшкөн Нельсон Мандела, Израиль менен элдешкен Анвар Садат жана башкалар болгон.
XS
SM
MD
LG