Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ХАЙФАДАГЫ ЖАРДЫРУУ КЫРДААЛДЫ ОГО БЕТЕР КУРЧУТТУ


Ишемби күнү Хайфа шаарында жан кечтинин жардыруусунан 19 киши набыт болду. Израиль армиясы ага жооп катары эртеси Газа тилкесинде аскерий рейд өткөрдү. Бул терракт Жакынкы Чыгыштагы ансыз да курч абалды татаалдаштырып, байкоочулардын айтымында, Палестин лидери Ясир Арафатка каршы Израиль өкмөтүнүн аракеттерин күч алдырышы мүмкүн.

Ишемби күнкү терракт үч жылдан бери уланып келаткан интифаданын эң кандуу окуяларынын бири болуп калды. Жардыруу жөөттөрдүн ыйык майрамдарынын бири - Йом Киппурдун башталышына туш келди. Израиль өкмөтү террордук чабуулдарды алдын алуу аракеттерин күчөткөнү менен, түшкү саат экилерде жан кечти бир аял шаардын түштүгүндөгү популярдуу ресторандын кайтаруучусун атып өлтүрүп, денесине курчалган бомбаны жардырган. Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, андан 19 киши набыт болду, 60ка жакын адам жараат алышты. Өлгөндөрдүн арасында төрт жаш бала бар экенин куткаруучулар билдиришти. “Ислам Жихады” аттуу топ кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, жан кечти 29 жаштагы юрист Ханади Ярадат болгонун билдирди. Муну менен Йенин шаарынын тургуну Ярадат “Жихаддын” мүчөлөрү болгон эки агасынын өлүмү үчүн өч алууну көздөгөн деп кошумчалашты уюмдун өкүлдөрү.

Палестин автономиясынын лидери Яссир Арафат анын ички оппозициясы болуп эсептелген радикалдуу ислам тобунун чабуулун айыптап чыкты. Палестин премьери Ахмед Корейи болсо Хайфа шаарынын мэрине телефон аркылуу көңүл айтты. Палестиналык министр Саеб Эрекат эл аралык ортомчуларга кайрылып, тынчтык процесси үзгүлтүккө учурабайт деген үмүтүн билдирди:

- Биз бул кол салууну айыптайбыз. Америкага жана төртилтиктин башка мүчөлөрүнө зордук-зомбулуктун жаңы эскалациясын болтурбоо процессин баштоого, “жол картасынан” баш тартбоого үндөйбүз.

Ал ошондой эле бул терракт палестин калкынын кызыкчылыгына төп келбей турганын, автономиянын жетекчилигинин жана жаңы түзүлө турган кабинеттин саясатына каршы келээрин кошумчалады.

Ошентсе да, Израильдин премьер-министри Ариэль Шарон Арафат террорчуларды тизгиндөө аракеттерине бут тосуп келет, анын билдирүүлөрү террористтерге жем таштайт деп палестин лидерин айыптады.

Бул терракттан кийин Шарондун кабинетинде Арафатты мекенинен кууп чыгуу демилгеси кайрадан жанданды. 4-октябр күнү кечинде Израиль өкмөтү чукул жыйынына чогулду. Вице-премьер-министр Эхуд Олмердин ырастоосунда, Израиль Арафатка каршы катуу чараларды көрүшү мүмкүн. Керек болсо, бул чаралар эл аралык коомчулуктун пикирине карабай ишке ашырылат. “Дүйнө биздин чечимдерибиз менен макул болууга аргасыз болот”, - деп кошумчалады вице-премьер. Жыйындын жыйынтыктары жөнүндө азырынча маалымдала элек.

Өткөн айдын башындагы терракттан кийин Израилдин министрлер кабинети Арафатты аймактан кетирүү жөнүндө чечим кабыл алган эле. АКШнын сынына кабылгандан соң, жөөт бийлиги өзүнүн чечкиндүүлүгүн бир аз басаңдаткан. Байкоочулар бул жолу Арафат Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги штаб-квартирасында кайрадан изоляцияланышы мүмкүн деген пикирин айтышууда. Башка бир аналитиктер Палестинанын жаңы кабинети түзүлгөнү жаткандыгын белгилеп, эл аралык коомчулук. Корейинин өкмөтүнө шанс берүү максатында, расмий Тель-Авивке Арафатка каршы аракет көрбөөгө кысым жасашы ыктымал дешүүдө.

АКШнын президенти Жорж Буш: “Палестинанын жаңы өкмөтү террордук инфраструктураны куралсыздандыруу жана биз бүгүн күбө болгон кандуу кол салууларды болтурбоо аракеттери менен алектениши керек,” - деп билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ишембиде Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом менен байланышып, кырдаалды талкуулады. Шалом Израил Арафатка каршы чара көрөөрдөн мурун Вашингтон менен акылдашаарын мамкатчыга билдирди.

Жекшемби күнү эртең менен Израилдин тик учмалары Газа тилкесинде эки рейд өткөрүштү. Айрым байкоочулар муну Хайфадагы терракт үчүн өч алуу акциясы катары баалашты. Ассошейтед Пресстин маалыматына караганда, Газа шаарында бир бош үй аткыланган, ал эми Бурей качкындар лагеринде “Ислам Жихады” уюмунун мүчөсү жашаган жер бутага алынган. Жөөт аскерлеринин чабуулунан набыт болгондор жок деп кабарланууда. Ал эми Тель-Авив операция “Хамастын” эки курал кампасын жок кылуу максатында уюштурулган деп ырастоодо.

Хайфадагы соңку терракт акыркы үч жылдын ичиндеги палестин жан кечтилердин 103-кол салуусу болуп калды. Алардын натыйжасында дээрлик 430дай киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG