Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Сирия жана Араб лигасына кирген өлкөлөр БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилди айыптаган резолюция кабыл алууга үндөдү


Өткөн ишемби күнү Хайфа шаарында жанкечтинин жардыруусунан 19 адамдын өлтүрүлүшүнө жооп кылып, Израилдин аскерий учактары кечээ Сириянын башкалаасы Дамасктан 15 чакырым алыстыкта, палестиндердин "Исламчыл жихад" уюмунун машыгуу лагери деп эсептелген жерге сокку урган. "Исламчыл жихад" уюму ишембидеги жардыруу үчүн жоопкер болгон эле. Бул - Израилдин учактарынын Сириянын аймагына акыркы 30 жылдан бери алгачкы ирет тереңдеп кирүүсү. Сирия Израилдин аба чабуулун "өтө коркунучтуу" агрессия, Араб лигасы болсо "мамлекеттик террор" деп баалашты.Ал эми Израиль өз кадамын коргоп, Сирияны палестин согушчан топторун колдогону үчүн айыптоодо. Чабуулдан материалдык чыгым болду, бирок адам өмүрүнө зыян келген жок. АКШ, БУУнун башкатчысы тараптарды сабырдуулукка чакырды. Вашингтон ошол эле учурда Сирияны террорчулукту колдогон өлкө деп эсептейт. Аталган окуядан улам Сирия даярдаган резолюция Коопсуздук Кеңешинде качан колго салынары белгисиз. Кечээ кечинде бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны башталды.

XS
SM
MD
LG