Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Эртең Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы башталат


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы өз ишин баштайт. Палатанын депутаттары бул жолу 30дан ашуун маселени карашат. Ал эми премьер-министр Николай Танаев өлкөнүн тышкы карыздарын төлөнүшү жана чет өлкөлөрдөн келген инвестициялардын пайдаланылышы жөнүндө депутаттарга отчет берет. Эл өкүлдөр жыйынында финансы министринин, Улуттук банктын төрагасынын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын да отчеттору угулмакчы. Мындан тышкары, «Кыргызгаз» акционердик коомун кайра түзүү жана менчиктештирүү маселеси каралып, өлкөдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мыйзамдардын аткарылышы тууралуу башкы прокурордун маалыматы угулат. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынында атайын түзүлгөн депутаттык комиссия Улуттук банктын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгын ачыктайт. Сессияда өкмөт сунуштаган 11 мыйзам долбоору каралат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG