Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

ИШ ТАШТАГАН ИШКЕРЛЕР, САЛЫК САЯСАТЫНДАГЫ ЖАҢЫЛЫК, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛБӨГӨН «АРНАМЫС», ҮШҮЙ ТУРГАН БАШКАЛАА


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Бишкектин ири базарларындагы соодагерлер өкмөттүн токтомуна каршы чыгып, иш ташташты. Президент А. Акаев баштаган кыргыз делегациясы АКШда Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына катышып, андан соң Францияга жол тартты. Анын бул иш сапарында “Арнамыс” партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун тагдыры тууралуу маселе мамлекет башчысынын артынан калбай коштоп жүрөт. Ал арада Бишкек жылуулук энергетика борборунун башчысы Лев Васильев Кыргызстан быйыл кышында жылуулук жагынан бир топ кыйнала тургандыгын кыйыттып өттү.

Жуманын башында Бишкектин бир катар чоң базарларында контейнерлерде соода кылган соодагерлер иш ташташты. Алар өкмөттүн «300 миң сомдон ашык акча жүгүртүлгөн ар бир соода түйүнү кассалык аппарат менен иштеп, салык төлөсүн» деген талабына нааразы болушту. Иш таштаган соодагерлердин бири бул туурасында:

- Бүгүн базардагылардын баары иш таштады. Себеби, алар кассалык аппаратка нааразы болуп атышат. Ансыз деле орун кымбат, салык чоң, бажы алымдары көп. Эч кандай пайда түшпөй калат. Андан көрө ишти жыйыштырып туруп баарыбыз таркап кетебиз.

Ал эми Финансы министрлигинин алдындагы Киреше боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, өкмөт товар жүгүртүүсү 300 миң сомдон ашпаган ишкерлердин патент алып иштөөсүнө уруксат берип, акчасы андан ашкандарынан гана кирешесине жараша салык алууну көздөп жатат.
Аскарбек Шадиевдин билдиргенине караганда:

- Биз айтып атабыз: «Патент алгыла, иштегиле, кассалык аппарат колдонгула. Эгерде товар жүгүртүүңөр 300 миң сомдон ашпаса, анда патент менен иштей бересиңер. Эгерде андан ашса, анда бардыгын төлөшүңөр керек» деп атабыз.

Бирок көп өтпөй эле көр оокаттын айынан ишкерлердин басымдуу көпчүлүгү соодасын кайра баштады.

Антсе да, соодагерлердин салыгына көзөмөлдү минтип күчөткөнү менен, кыргыз өкмөтү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн салык жүгүн кыйла жеңилдетти. Башкача айтканда, алар өндүргөн продукциясынын наркы 500 миң сомго жеткенден кийин гана кошмо нарк салыгын төлөй турган болушту. Мурдагы токтомдо кошмо нарк салыгын төлөө милдети продукциясынын наркы 300 миң сомдук чектен ашкандарга жүктөлүп келген.

Бул аптада президент Аскар Акаев АКШга иш сапары менен барып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясына катышып, сөз сүйлөдү. Ал БУУнун эл аралык терроризм менен күрөшүүдөгү ролуна токтолуп, жыйындын катышуучуларына Кыргызстанда болуп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Дал ошол учурда «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. «Арнамысчылар» Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Феликс Куловдун боштондугун талап кылышты.

АКШдан соң президент А.Акаев баштаган кыргыз делегациясы ЮНЕСКОнун жыйынына катышканы, президент Жак Ширак менен жолугушканы Францияга келди. Кыргыз делегациясынын Франциядагы иш сапары 9-октябрга чейин уланат. Буга байланыштуу «Арнамыс» партиясы жана бейөкмөт уюмдар Франциянын президентине да кат жолдошту. Алар Жак Ширактан А. Акаев менен сүйлөшүү учурунда «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду түрмөдөн бошотуу тууралуу маселе коюуну өтүнүштү. Айтмакчы, жакында Кыргызстанда «Социнформбюро» аттуу уюму жүргүзгөн социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы бул партияны сурамжылангандардын басымдуу көпчүлүгү биле тургандыгын көрсөттү.

Жакында келип түшкөн малыматтарга караганда, Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстанга 10 млн. 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит бермек болду. Ал Кыргызстандын эң жарды облустарындагы жаш балдардын ден соолугуна, тамак-ашына жана алардын билим деңгээлин өнүктүрүүгө жумшалат. Кредит алгачкы 8 жылга 1%, андан соң 1,5% үстөк баа менен 32 жылга берилди. Кредитти иштетүү жана аны турмушка ашыруу президенттик администрация тарабынан көзөмөлдөнмөкчү.

Жалпысынан мындай жардамга Кыргызстан дагы көпкө муктаж болчудай. Айрыкча күз келген сайын чечиле элек социалдык-экономикалык проблемалар улам көбүрөөк көзгө урунууда. Атап айтканда, калкты жылуулук менен камсыз кылууга жетиштүү даярдык көрүлбөй жатат. Бишкек жылуулук энергетика борборунун башчысы Лев Васильевдин айтымында, мунун башкы себептеринин бири – электр энергетика тармагындагы карыздардын төлөнбөй жаткандыгы:

- Тилекке каршы, быйылкы жылытуу сезону бир топ кыйын болчудай. Дебитордук карыздардын улам өсүп жатканы электр энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселеге айланды. 2003-жылдын 1-августуна карата ал 2 млрд. 622 млн. сомду түздү.

Васильевдин маалыматына караганда, быйыл коңшу өлкөлөр Кыргызстандан сууну аз алгандыктан, көмүрдү да өз убагында жана зарыл өлчөмдө бериши күмөн.

XS
SM
MD
LG