Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

НАТОнун ИЛИМИЙ ПРОГРАММАСЫ


Төрт жылдан бери Түндүк Атлантикалык Альянстын “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында Кыргызстан менен Батыш өлкөлөрүнүн илимий кызматташтыгы өөрчүп баратат. Бул аралыкта кыргыз илимпоздоруна 2,5 млн. доллар өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөтүлдү. Альянстын “Өмүр илими” программасынын кезектеги жыйыны Бишкекте өттү. Илимий программанын эксперттери Кыргызстандагы илим-изилдөө иштеринин абалына кызыгып, аларга колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты. Дүйшөмбүдө НАТОнун илимий программасынын эксперттери журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

Түндүк Атлантикалык Альянска өнөктөш өлкөлөргө көмөк көрсөтүү Евроатлантикалык өнөктөштүк программасынын алкагында жүргүзүлөт. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнүн илимпоздорунун илимий карым-катышын жандандырыш амалында аскер альянсы жыл сайын “Өмүр илими” программасына 20 млн. евро бөлөт. НАТОнун илимий программасынын коомдук дипломатия бөлүмүнүн жетекчиси, доктор Вальтер Каффенбергердин айтымында, илимий программанын максаты - илимпоздорго көмөк көрсөтүү, илим изилдөөчүлөрдүн ортосундагы кесиптик карым-катышты өөрчүтүү.

- НАТОнун илимий программасы 3-багыт катары каралат. Бул иш 1958-жылдан бери аскердик альянстын 3-багыты катары башталган.

Аталган программанын негизинде 8 өлкө, анын ичинде Борбор Азия жана Кавказ республикаларын камтыган “Виртуал Жибек Жолу” долбоору ишке ашырылган. Илимий карым-катыш негизинен биологияга, химияга жана айыл чарбасына байланышкан багыттар боюнча жолго коюлган. Программанын эксперттери келип түшкөн сунуштарды жана долбоорлорду сындан өткөрүп, алардын сапатын аныктайт.
Эксперттердин катарында НАТОго мүчө болгон өлкөлөрдүн, ага өнөктөш мамлекеттердин окумуштуулары, алардын ичинде Кыргызстандын да өкүлү бар. Буга чейин илимий кеңештин эксперттери 2001-жылы Ысыккөлдүн жээгинде семинар өткөрүшкөн. “Өмүр илими” программасынын илимий кеңешинин төрайымы профессор Эн Гибинс Кыргызстанда илимий жыйын өткөрүүнүн негизги максатын мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстанда илимдин ахыбалы кандай, жаштардын илимге кызыгуусу барбы? Биздин максат – жаш окумуштууларга көмөк көрсөтүү, илимдин өнүгүшүнө жардам кылуу. Кийинки үч күн ичинде бизде өлкө менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Ысыккөлдү, кооз жерлерди көрдүк.

Профессор Роберт Мур илимий кеңештин көчмө отурумдары тигил же бул өлкөнүн илимий потенциалын көтөрмөлөөгө көмөк көрсөтүп, жергиликтүү илимпоздордун кызыгуусун арттыра тургандыгына токтолду:

- Ушундай отурумдарды өткөрүү Батыш менен Чыгыш өлкөлөрүнүн илимпоздорунун, анын ичинде КМШга кирген мамлекеттердин жаш окумуштууларынын ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берет деп ишенебиз.

Кийинки жылдары илимий кеңеш аркылуу 500 долбоор жактырылып, аларга грант бөлүнгөн. Алардын кыйласы КМШ өлкөлөрүндөгү илимди колдоого арналган. Илимий кеңештин эксперти профессор Вильям Гиспендин айтымында, Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө толук шарт бар. Анткен менен илимий лабораториялардын жабдуулары эски:

- Лабораторияларда азыркы учур талабына шайкеш келчү жабдуулар жетишпегени баамга урунат. НАТОго мүчө болгон өлкөлөр мына ушул жагынан кыргызстандык кесиптештерине көмөк көрсөтсө жакшы болоор эле.

Кыргыз окумуштуусу Валентин Махновскийдин пикири боюнча, чет өлкөлөрдөн өнөктөш табыш кыйын. Англис тилин билбегендик да кыйла окумуштуулардын кендирин кесүүдө. 1999-жылдан бери Кыргызстандан НАТОнун илимий программасына 22 долбоор түшкөн. Алардын ичинен 19 долбоорго грант бөлүнгөн. Кыргызстандын илимине кийинки беш жыл ичинде 2,5 млн. евро бөлүнгөн.
XS
SM
MD
LG