Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

ЭЛЧИ СТИВЕН ЯНГ: «ЭГЕР АСКАР АКАЕВ КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШПАСА, БУЛ АНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДЕМОКРАТИЯГА КОШКОН ЧОҢ САЛЫМЫ БОЛОТ»


Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Стивен Янг мырзанын Бишкекте өз милдетин аркалай баштаганына эки айга жакын убакыт болду. Стивен Янг мырза «Азаттык» радиосуна куруп берген маегинде Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшү, экономиканын абалы, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтү, «Ганси» жана «Кант» аба майдандарынын мамилеси, өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы сыяктуу бир катар маселелерге өз пикирин билдирди.

- Урматтуу элчи, алгач сизди бул жооптуу милдетти аркалай баштаганыңыз менен куттуктайм. Сөз башында өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Мурда Кыргызстанга бир нече жолу келип-кеткен экенсиз. Ал учурга салыштырганда азыркы Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болгонун байкадыңыз?

- Ырахмат! Алгач сөз башында айта кетээрим, Кыргызстанга биринчи ирет келгенимден бери көп убакыт өттү. Андан берки Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү көрүп таң калдым. Себеби, саясий, экономикалык жана коомдук өзгөрүүлөр болуптур. Көчөлөрдө машинелер көбөйүп калыптыр. Адамдардын кийим-кечеси да жакшырыптыр. Шаардагы чакан дүкөндөрдүн, кафе-ресторандардын көбөйүп калганы да кубандырат. Бишкектегидей өзгөрүүлөр менен жандануулар Нарында, Ошто, Жалалабадда да болуп жатканын көрдүм. Бирок, Совет бийлигинен эгемендүү Кыргызстанга өтүү иши жеңил болгон эмес жана Кыргызстандын экономикасын жакшыртыш үчүн дагы көп иштерди жасаш керек. Кыргызстандын өкмөтү жана эли менен кошо Кыргызстандын экономикалык маселелерин чечүүнү элчи катары өзүмдүн максатым деп эсептейм.

- Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалына кандай баа берет элеңиз? Экономикалык кызматташтыкты жакшыртыш үчүн, чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция алып келиш үчүн кыргыз өкмөтү кандай иштерди жасашы керек?

- Сурооңуз үчүн сизге ырахмат! Менин оюмча, Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жакшы болуп келген. Биз эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты Америка Кошмо Штаттарынын элчилигин 1992-жылы Кыргызстанда ачкандан тартып баштаганбыз. 2001-жылдын 11-сентябрындагы алаамат эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрдү. Менин ишенимимде азыр Кыргызстандын эли Америка Кошмо Штаттарын ишенимдүү өнөктөш катары баалайт. Инвестиция тууралуу айтсам, бул жерде чечүүнү талап кылган көп маселелер бар. Кыргызстандын өкмөтү менен өлкөдөгү салык органдарындагы тоскоолдуктарды жоюу, өлкөдөгү демократиянын жагдайын жакшыртуу жана коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча иштешип жатабыз. Бул иштерди алга жылдырыш үчүн эркин маалымат каражаттарын, анын ичинде «Азаттык» радиосун да колдоого алыш керек.

- Элчи мырза, Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп киргенден тартып, эркин экономикалык саясат жүргүзүп келет. Бирок, коңшулары Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык буктурмасына кабылып, кыйналууда. Америка Кошмо Штаттары коңшу өлкөлөрдүн экономикасын либералдаштыруу жагынан Кыргызстандын кызыкчылыгына кандай иштерди жасай алат?

- Иралды, Борбор Азия мамлекеттери экономикалык-саясий кызматташтыгын ич ара чыңдашы керек. Тагыраак айтканда, аймактын коопсуздугуна жана экономикага байланыштуу маселелерде алар бири-бири менен иштешип гана жол таба алышат. Экономикалык маселелерди чечиш үчүн ар бир өлкө өз алдынча да, коңшулары менен да алакада иштөөгө тийиш. Кыргыз Республикасынын мындан бир нече жыл мурда Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп киргенин колдоого алып, кубаттаганбыз. Кытай да жакында Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кирди. Келечекте Кыргызстандын калган коңшуларын да Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү катары көргүбүз келет. Бул багытта биз Казакстандын жана Орусиянын өкмөттөрү менен бирге бул эки мамлекетти да Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө кылалы деп иштеп жатабыз. Биз дүйнөлөшкөн ушу заманда ар бир мамлекет тең укукта туруп, бири-бири менен эркин соодалашып, бирдей мүмкүнчүлүктө өнүгүшүн каалайбыз.

- Айрым маалымат булактарынын жазганына караганда, сиз Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушканда «АКШнын жетекчилиги президент Аскар Акаевдин «2005-жылы президенттик шайлоого катышпайм» деген чечимин колдойт» деп айткан экенсиз. Акыркы учурда президенттин мөөнөтү тууралуу кептер кайра жанданды. Алсак, ишкерлердин акыркы жыйынында алардын айрымдары А.Акаевден «дагы бир жаңы мөөнөттө калып иштеп бериңиз» деп суранышты. Сиздин пикириңизде, президент А.Акаевдин кезектеги шайлоодон баш тартышы Борбор Азия аймагындагы жана Кыргызстандагы саясий абалга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

- Эки ай мурун бул ишке алгач киришкенден кийин Аскар Акаев менен жолугуп, таанышып, анын жасаган иштерин көрүп аябай кубандым. Анын «2005-жылдагы шайлоодо өз талапкерлигимди койбойм» деп айткан сөзүн колдоп келем. Эгер Аскар Акаев кийинки шайлоого катышпаса, анда бул азыркы президенттин Кыргызстандагы демократияга кошкон чоң салымы болуп эсептелет. Президенттик шайлоого катышпаса, Аскар Акаев Кыргызстанда заманбап мамлекет курууга өз салымын кошот. 2005-жылдагы шайлоолорду ачык-айкын жана адилет өткөрүш үчүн көп иштерди жасаш керек жана аны жасаса болот. Келе жаткан шайлоолорго даярдык көрүүдө Кошмо Штаттар Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана эли менен иштешүүгө даяр. Бул маселеде «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын иштегени маанилүү. Себеби, ал мыйзам иштесе, партиялар саясий күрөштөн мыйзамсыз жана негизсиз четтетилбейт эле. Шайлоо кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор да Кыргызстандагы демократиянын жагдайын жакшыртат деп эсептейбиз. Шайлоо жараянынын өзү да өтө маанилүү. Жакшы даярдалган жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын иши да маанилүү. Анткени, алар шайлоонун адилет жана ачык өтүшүнө көмөк көрсөтүшөт. Келаткан 2004-жылы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү 7 млн. доллардан ашык каражатты Кыргызстандын атуулдук коомун колдоого жумшамакчы. АКШ өкмөтү Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык негиздерине ылайык келген ачык-айкын, адилет шайлоолордун болушун күтөт жана андай шайлоону колдоого алат.

- Айрым адистер «антитеррордук коалициянын күчтөрү «Манас» аба майданындагы П.Ганси атындагы авиабазага жайгашкандан тартып АКШ Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына өз мамилесин өзгөрттү, мурдагыга караганда кыргыз өкмөтүнө карата жумшак мамилеге өттү» деген пикирлерин айтышууда. Айрыкча, «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловдун тагдыры тууралуу кеп болгондо ушундай кептер айтылып жүрөт. Буга кандай пикирдесиз?

- Менин оюмча, Америка Кошмо Штаттары жана анын эли дүйнө жүзү боюнча адам укуктарынын сакталышына дайыма көңүл буруп, колдоп келген. 2001-жылдын 11-сентябрында Америкада болгон алааматтан кийин адам укуктарынын сакталышы боюнча кызматташтык мурдагыдан да өнүктү. Мен жакында Кыргызстандагы оппозициянын өкүлдөрү менен жолуктум. Акыйкатчынын кеңсесинде да болдум. Анан кайсы жерде жүрбөйүн, адам укуктарын сактоо маселесинин маанилүү экенин кайра-кайра айтып келем.

- Президент А.Акаев башында турган делегация Орусияга барган учурда «Кант» аба майданына Орусиянын аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча келишимге кол коюлду. П.Ганси атындагы авиабаза менен «Кант» авиабазасынын ортосунда Кыргызстандын аба майданын биргелешип пайдалануу боюнча макулдашуу барбы?

- Менин оюмча, антитеррордук коалициянын П.Ганси атындагы авиабазасы менен Орусиянын Канттагы авиабазасынын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Антитеррордук коалициянын авиабазасынын Кыргызстанда жайгашканына жакында 2 жыл толот. Мен жакында сиздин П.Ганси атындагы авиабазага барып, ал жерден макала даярдаганыңызды билем. Эгер эки авиабазанын ортосунда кандайдыр-бир келишим боло турган болсо, ал эки авиабазага гана тиешелүү макулдашуу болушу керек. Учурдан пайдаланып, мен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана элине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени алардын бизге көрсөткөн колдоосу жана жардамы өтө маанилүү болду. Менин оюмча, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөт аралык кызматташтык Ооганстанга бейпил турмуш орнотууда жана террорчулуктун тамырын кыркып, анын коркунучун жок кылууда абдан маанилүү роль ойноду. Мен жакындан көрүп, таанышкандай, антитеррордук коалициянын «Гансидеги» аскерлери «Манас» аба майданына жакын айылдарга гуманитардык жардам көрсөтүү ишине чоң салым кошушту. Эки апта мурда мен «Гансиде» Даниянын, Нидерландынын жана Италиянын аскерлери менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жылуу маанайдагы кездешүүсүнө күбө болдум. «Гансидеги» аскерлер террорчулукка каршы күрөшүү менен катар эле, авиабазага жакын жайгашкан айылдардын элине да жардам берип жатканын туура түшүнүш керек.

- Элчи мырза, авиабазага жакын жашаган тургундар демекчи, алардын айрым өкүлдөрү «авиабазынын учактары абадан күйүүчү май төгүп жиберип жатышат» деп, маалымат каражаттарына арыз-арманын айткан учурлары бар. Мындай маселелерди кандай чечсе болот?

- Менин да мындай маалыматтардан кабарым бар. «Гансинин» башкы командачысы полковник Келли мырза менен бул маселе боюнча сүйлөшкөм. Ал мага «авиабазанын жакын жашаган элге жана айдоо аянттарына эч кандай зыяны жок» деп айтты. Бул маселе боюнча кеңири маалымат алгыңыз келсе, авиабазанын өзүнө кайрылсаңыз болот. Кыргызстандын өкмөтү да, «Гансиге» жакын жайгашкан айылдардын эли да авиабазаны жакшы коңшу деп эсептешет.

- Сиздин да кабарыңыз болсо керек, Кыргызстандагы маалымат каражаттары «эркин басылмалар» жана «өкмөттүк» деп экиге бөлүнүп келишет. Эркин басылмалар «Бишкекте «Фридом Хауздун» колдоосу менен Басма үйү ачылса, бир топ жүгүбүз жеңилдейт болуш керек» деген үмүттө турушат. Себеби, эркин гезиттер басма кызматынын, кагаз, боек сыяктуу материалдардын кымбаттыгын айтып келатышат. Сот чечими менен жабылган басылмалар да аз эмес.

- Мен ноябрь айында ачылганы жаткан Басма үйүнүн ишке кирише турганына аябай кубанычтамын. Жаңы Басма үйү маалымат каражаттарына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал чет элдик ишкерлерди да Кыргызстандын экономикасына тартат. Басма үйү алдыңкы заманбап технология менен жабдылып, төрт түстө гезит чыгарууга жол ачат. Басма үйүнүн кызмат акысы да ыңгайлуу. Басма үйүн башкарган Массалык маалымат каражаттарын колдоо фонду маалымат каражаттарын жетектөө боюнча алгачкы тренингдерин өткөрүп бүттү. Биз Басма үйүн ачуу ишине кыргыз өкмөтү колдоо көрсөткөнүн да белгилеп кетишибиз керек. Бул маселе боюнча президент Аскар Акаев менен эки жолу жолуктум. Ал да Басма үйүн колдой турганын билдирди. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен президенттин кеңешчиси Болот Жанузаков да Басма үйүн башкаруу кеңешинин мүчөлөрү. Мен Басма үйүн ачуу аземине «Азаттык» радиосу да күбө болот деген үмүттөмүн. Ырахмат!

- Маек куруп бергениңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG