Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Мунапыс уюму дүйнө коомчулугуна ооган аялдарына жардам бере албаганы үчүн кине койду


Ооганстанда талиб режими кулагандан кийинки дээрлик эки жыл ичинде аялдардын абалы дээрлик өзгөргөн жок. Бул тууралуу укук коргоочу эл аралык мунапыс уюмунун жаңы жарыяланган отчётунда айтылат. Ага ылайык, күчкө салып күйөөгө берүү, зордуктоо жана үй-бүлөдөгү зордук-зобунчулук бүгүн да кеңири тараган көрүнүш. Документте айтылгандай, 8 жашка чыга элек кыздарды өздөрүнөн кыйла улуу кишилерге күйөөгө берген учурлар да кездешет.
Мунапыс уюму дүйнө лидерлерин, анын ичинде АКШнын президенти Жорж Бушту "Ооганстандагы согуш ооган аялдарынын боштондук алышына алып келет" деген убадасынын өтөөсүнө чыкпаганы үчүн айыптайт. Уюм эл аралык коомчулукту Оогаснтанда полицияны, укуктук реформаны жана сотторду кайра курууда аялдарды коргоо чараларын кошо киргизүү үчүн тез арада аракет көрүүгө чакырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG