Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

Чеченстанда Ахмад Кадыров президент болуп шайланды


Кечээки талаштуу шайлоодо берилген добуштардын тең жарымы саналгандан кийин, шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Карим Арзаханов Кадыровдун 87 пайыз менен алдыда келатканын билдирди:

- Бул жыйынтыкты бышыктоо үчүн бардык добуштарды санап чыгышыбыз керек. Бирок мен жыйынтык өзгөрбөйт деп толук ишенем. Кадыров 80 пайыздан ашыгын алат, башка талапкердин биринин да бул чекке жакындап келүүгө чамасы жок.

Ахмад Кадыров - чечен администрациясынын башчысы жана Кремлдин колдоочусу катары белгилүү. Орусиянын президенти Владимир Путин "Кадыровдун шайланышы чечендердин келечеги бар экенин көрсөтөт" деди. Ал эми Европа Комиссиясы шайлоонун акыйкат же эркин болгону күмөн экендиги айтылган билдирүү таркатты. ЭКК уюму болсо шайлоодо реалдуу плюрализм болбогонун эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG