Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:53

Жалалабаддагы мектептер кышка толук даяр эмес


ЖАЛАЛАБАД. Кыш мезгилинде мектептерге керектелүүчү 11012 тонна көмүрдүн 6-октябрга карата 3 миң тоннасы гана жеткирилген. Көмүр ташуу облустун Аксы, Токтогул, Чаткал жана Тогузторо сыяктуу тоолуу райондорунда айрыкча кыйынчылык менен коштолууда. Жылына жолу 5 ай гана ачылган Тогузторо районуна көмүр жаңыдан ташыла баштады. Аксы районуна көмүр сатып алууга каражат жетишпей жатат. Райондун мектептерине тиешелүү 2475 тонна көмүр үчүн 2 млн. сом сарп кылуу зарыл болсо, анын 615 миң сому гана бөлүнүп, 363 тонна көмүр алынган. Тоолорго кечээ кар жаап, суук жылдагыдан эрте түштү.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG