Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Акыйкатчы мамлекеттик тил боюнча «тегерек үстөл» жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда мамлекеттик тилдин ордуна арналган «тегерек үстөл» талкуусун өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, тилчи-окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары иш кагаздарын кыргызчага өткөрүү, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү, бул багытта мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу сыңары проблемаларга басым жасашты. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын эки долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Алардын бирин президент А. Акаев, экинчисин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов сунуш кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG