БИШКЕК. Кечээ кечинде Кыргызстанга Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы Рольф Петер Шульц эки күндүк иш сапары менен келди. Ал Кыргызстандын ички саясий жана экономикалык абалы менен таанышууну көздөйт. Бүгүн Германиянын өкүлүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев кабыл алышты. Петер Шульц эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен да жолугушууну көздөп жатат.
Мындан тышкары, бүгүн Бишкекте Федералдык Төмөнкү Саксониянын юстиция министри Элизабет Хайстер Нойман менен биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов жолугушту. Алар эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Кечээ келген бул делегация Кыргызстанда дагы 5 күн болот.