Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМ КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫ?


7-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору талкууга алынат. Буга байланыштуу 6-октябрда Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсесинде депутаттардын, тилчи-окумуштуулардун, журналисттердин катышуусунда кыргыз тилине арналган жыйын өттү.

Жыйында депутат Жангороз Каниметов “депутаттардын колунда азыр президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия даярдап, президент А. Акаев сунуштаган жана депутат Бектур Асанов даярдаган эки долбоор бар” деди:

- Эки мыйзам долбоору тең кыргыз тилин өнүктүрүүнү максат кылган. Президенттин долбоорунда, мисалы, жогорку окуу жайларында жана мектептерде кыргыз тилинде экзамен алуу боюнча беренелер каралган.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев «Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге окшоп, өз эне тилине күйүшү керек» деген пикирин айтты.

- Акыркы эле мисалды айтайын. Президент Аскар Акаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына арналган, Бишкектин жанында, Басбөлтөктө өткөн жыйында орусча сүйлөдү. Эгер ушундай мамиле боло берсе, кыргыз тили эч качан өнүп-өспөйт.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси, жазуучу Казат Акматов да «кыргыз тилинин абалына элдин, эл башкаргандардын мамилеси өзгөрүшү керек» деген ойго толук кошулат:

- «Кыргыз тили керекпи, жокпу?», «Кыргыз тили баары бир өлөт» деген пикирлер күчөдү. Мындай сөздү мурда ачык айткандан коркчубуз!

Ал эми өзүн «кыргыз тилинин, кыргыздардын душманымын» деп тамаша аралаш эсептеп келаткан Салижан Жигитов «мыйзам кабыл алуудан кыргыз тилинин абалы жакшырып кетпейт» деген оюн айтты:

- Биз өтө эле аз элбиз, орустун бир шаарында эле 3 млн. калк жашайт. Ал эми жазма тил 70 жылда эле калыптана калбайт, бул жагынан бизге тарыхый да сабыр керек. Анан кышында отуруп алып, мыйзам кабыл алып туруп «жай эрте келсин!» деген чечим чыгарса жай мезгили андан эрте келип калбайт. Мыйзам кабыл алууга каршы эмесмин, бирок ал баары бир иштебейт!

XS
SM
MD
LG