Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Парижде Франция жана Кыргызстан президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү


Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, эки президенттин 6- октябрдагы жолугушуусунда Франция менен Кыргызстандын өз ара кызматташтыгына байланышкан маселелердин бир нечеси талкууланды. Атап айтканда, президенттер аскер, экономика жана экология жаатындагы алакалар жөнүндө сөз кылып, жолугушууга катышкан өкмөт мүчөлөрүнө тийиштүү тапшырмалар берилди. Сүйлөшүүлөрдүн учурунда макулдашылгандай, эми президенттер Жак Ширак менен Аскар Акаевдин кийинки жолугушуусуна чейин аталган тармактар боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын караган келишимдердин долбоору даярдалат. Француз жана кыргыз президенттеринин кийинки кездешүүсү келерки жылы Бишкекте өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG