Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

ИРАК: АКШнын РЕЗОЛЮЦИЯСЫН КОЛДОГОНДОР АЗ


Дүйшөмбүдө кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция долбоорун талкуулоону убактылуу токтотту.Жыйын учурунда Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын документке карата айткан сын пикирин колдоп кетишти. Долбоор эми качан кайра каралаары белгисиз, ал эми АКШ президенти Жорж Буш "Иракты стабилдештирүү тобун түзүп", анын башчылыгына Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райсты дайындады.

Дүйшөмбүдө кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны аяктаган соң, АКШлык элчи Жон Негропонте: "Бардык тараптар резолюцияга карата көз караштарын айтып бүтүштү, эми бир аз ойлонушубуз керек", - деп билдирди. Дипломаттардын айтымында, бул күнү Жон Негропонте: "Америка резолюцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн?" – деген маселенин тегерегиндеги суроолорго жооп берди. Атап айтканда, ал Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан сунуш кылгандай, алдыдагы 3, же 5 ай аралыгында Ирактын утурумдук өкмөтү түзүлсө, ал өлкөдөгү опурталдуу жагдайды түп-тамырынан өзгөртүп жибере албайт деп белгилеген. Андан мурун Аннан Бириккен Улуттар Уюму Вашингтондун резолюциясында көрсөтүлгөн чектелүү саясий ролун аркалаш үчүн Иракта өз кызматкерлеринин өмүрүн коркунучка кептей албайт деп маалымдаган.


19-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесинде бомба жарылганда, 22 киши курман болгон.

АКШнын жаңы резолюция долбоорунда Бириккен Улуттар Уюмуна Иракта келечекте шайлоо өткөрүүгө көмөк көргөзүү, коалициялык күчтөрдү алмаштыра турган АКШнын жетекчилиги алдындагы көп улуттуу күчтөргө мандат берүү жана согуштан жабыр тарткан өлкөгө ар башка мамлекеттердин аскерлери менен каражатын тартуу озуйпасы жүктөлгөн.

Франциялык делегациянын өкүлдөрү АКШнын бул долбоорун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн кеминде тогузу колдогон жок деп билдиришти. Калган мамлекеттердин чабармандары да Вашингтон Улуттар Уюмунун башкы катчысынын пикирин эске алып, документке бир катар өзгөртүүлөр киргизиши керек деген ойдо. Германиялык элчи Гюнтер Плугер резолюцияга карата анын демилгечиси АКШ жана анын колдоочулары Британия менен Испания да көз карашын өзгөрткөндө гана, Коопсуздук Кеңеши бирдиктүү жана маанилүү саясий чечим кабыл алышы мүмкүн деп басым жасады.

Алар анткен менен, Американын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Негропонте Вашингтон баштагыдай эле алдыдагы эки жыл ичинде Ирактын жаңы конституциясы даярдалып, ага ылайык шайлоо өткөрүлгөндөн кийин гана өлкөдөгү бийлик толугу менен ирактыктарга берилиши кажет деген пикирде экенин кайталады. Ал жаңы резолюция октябрдын аягында Мадридде чогула турган Иракты калыбына келтирүү боюнча донорлордун конференциясына чейин кабыл алынып калса максатка ылайык болмок деп кошумчалай кетти.


Ал учурда Иракта аскерий жана башка аракеттерин улантып жаткан Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш өз жардыгы менен "Иракты стабилдештирүү тобун" түзүп, анын башчылыгына Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райсты бекитти. Бул тууралуу чечимин жарыялап жатып, Буш "Стабилдештирүү тобу" Вашингтон менен Ирактын ортосундагы бюрократияны кыскартып, Американын Иракта пландаштырган иш-аракеттеринин баарына көзөмөл жүргүзөт деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG