Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Борбор Азия мамлекеттеринде феодализм кайра жаралууда


ВЕНА. Борбор Азия мамлекеттеринде феодализм кайра жаралууда. Мындай пикирин ЕККнун жетекчилигинин өкүлү Фраймут Дуве Австриянын "Ди Прессе" гезитине берген интервьюсунда билдирди. Дувенин айтымында, феодалдык режимдерди сынга алган жана коррупцияны ашкерелеген журналисттер режимдердин алгачкы курмандыктары болуп калууда. Мунун таасын мисалы катары Дуве Өзбекстанды, айрыкча, Түркмөнстанды бөлүп көрсөттү. Түркмөнстан, Дувенин көз карашында, сталинизмдин кайра жаралуусун башынан кечирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG