Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИ


Кыргызстанда сөз эркиндиги жок деп айтыш кыйын. Республикада расмий каттоодон өткөн 700 чукул маалымдоо каражаттарынын басымдуусу өз алдынча. Анткен менен аткаруу бийлигинин колунда 3 гезит, теле көрсөтүү, радио уктуруу, булардан сырткары район, облус акимчиликтеринин карамагында биртоп маалымдоо каражаттары бар. Кийинки жылдары Кыргызстанда эркин басма сөзгө кысым кыйла күчөгөнү айтылууда. Антишке айрым басылмалардын сот чечими менен банкрот деп табылышы, жооптуу бийлик өкүлдөрүнүн адамдык абийир ар намысын коргоо амалында басылмалардан оңбогондой оор айыппул төлөп беришин талап кылышы себеп болууда.

Бүгүн Бишкекте өтүүчү сөз эркиндигине арналган жыйында мына ушул маанилүү маселе талкууга алынат. Кыргызстанда сөз эркиндиги Башмыйзам аркылуу ырасталган, мамлекет цензураны жоюп таштаган. Кыргызстанда сөз эркиндиги жанаша жашаган Өзбекстан, Тажикстанга салыштырмалуу кыйла дурус экени, антсе да республика азырынча демократиялык каада-салты өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жете электигин эларалык уюмдар белгилеп келишет. “Фридом Хаус” уюмунун аткаруучу директору Женифер Уинсдор айымдын айтымында:

“Жыл сайын “Фридом Хаус” дүйнөлүк иликтөө жүргүзүп жыйынтыгын жарыялайт. Кийинки иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан эркин өлкөлөрдүн катарына кирген жок. Туура, Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырмалуу Кыргызстандын рейтинги жогору. Анткен менен адам укугун сактоо боюнча ийгиликке жетишкен башка өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстан артта. Мунун салакасы тийбей койбойт”.

“МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким республикадагы сөз эркиндигинин абалы бир кишинин – президент А.Акаевдин саясий эркине байланыштуу маселе деп эсептейт:

“Анткени көптөгөн экономикалык кызыкчылыктардын түйүнү анын үй-бүлөсүнө байланыштуу. Биздин гезитте жарыяланган экономикалык талдоолордо үй-бүлө маселеси козголуп кетет. Ошондон алдыдагы эки жылда гезит аталышын дагы канча өзгөртүшүбүз мүмкүн экенин айтыш кыйын”.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу кепке азырынча чекит кое туралы, калган сөз алдыда.
XS
SM
MD
LG