Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши Сирия сунуш кылган резолюцияны колго салган жок. Документте коңшулаш өлкөгө ракетадан сокку урганы үчүн Израил кескин айыпталган эле. АКШнын ООНдогу элчиси резолюцияда террордук уюмдар жана алардын акыркы кездеги аракеттери сынга алынбагандыгын белгилеп, эгер документ добушка салынса, Вашингтон вето коерун эскертти. Сирия эми резолюцияны оңдоп жазып, кайрадан кароого киргизгени жатат.

Бул жолку кризистин чакан хроникасы төмөнкүдөй: өткөн ишембиде Хайфа шаарындагы ресторандардын биринде жениндик жыйырма жашар жанкечти кыз өзүн жардырып жиберди. Натыйжада он тогуздай адамдын өмүрү кыйылды, көбү жарадар болду. Иштин жоопкерчилигин “Ислам Жихады” уюму өзүнө алды. Израил өкмөтү ошол эле күнү өч алууну чечти: ишембиден жекшембиге караган түнү Сириянын борборуна жакын жердеги районго сокку урулду. Израил тарабы аталган райондо “жихадчылардын” машыгуучу базасы болгонун, аба жапырыктар маалында дал ошол лагер талкаланды деп эсептейт. Сириянын бийликтери болсо ракеталык соккуга алынган жерде аскери база эмес, эл жашаган кыштак бар экенин айтышты. ”Ислам Жихады” уюмунун өкүлү да Сириянын аймагында алардын дегеле лагери жоктугун, ”жихадчылардын” бардык күчтөрү негизинен Израил менен палестин автономиясынын территориясына топтолгондугун билдирди.

Дамаскиге жакын жерде база болгонбу-болбогонбу, Израилдин аскер-аба жапырыгы Сириянын суверенитетине урулган сокку болду. Жөөттөргө теңбарабар чаралар менен жооп кайтарганга чамасы чакталуу болгондуктан Сирия дипломатиялык майданда “чабуулга өтүүнү” чечип, жекшемби күнү ООНдун коопсуздук кеңешине Израилди айыптаган резолюциянын долбоорун киргизди. Чукул жыйынга чогулган коопсуздук кеңеши Хайфадагы террорду, Израилдин аскерий акциясын бирдей өлчөмдө сынга алышты. Бирок сириялыктар сунуш кылган документ колго салынган жок. АКШнын ООНдогу элчиси Жон Негропонте резолюциянын чийки жерлери көп экенин белгилеп, кокус ал добушка коюлса, Кошмо Штаттары вето саларын эскертти. Сириялыктар эми документти оңдоп-түзөп, шейшемби же шаршемби күнү коопсуздук кеңешине кайра коюшу керек. “Биз Кошмо Штаттарынан бул акция боюнча жаңы позициясын укканга үмүт кылабыз”, деп айтты Сириянын элчиси Фейсал Мекдад. Кошмо Штаттары, элчи белгилегендей, Израилдин араптарга, сириялыктарга же палестиналыктарга каршы жасаган куралдуу жапырыктарын жактагандын ордуна тынчтыкка арачы болгон озуйпасын аткарууга тийиш. Президент Башар Асад болсо Израил региондогу согушка Сирияны да тарткысы келип жаткандыгын белгилеп, Шарондун өкмөтү согушсуз жашай албайт деп ырастады.

Жакынкы Чыгыштагы жагдайга дүйшөмбү күнү президент Жорж Буш да токтолду. Израил өзүн коргонго укуктуу, деп айтты америкалык президент. Бу маселеде анын мүмкүнчүлүгү чектелүүгө тийиш эмес. Ошол эле учурда,Буштун пикири боюнча, Израилдин аракеттери жаңжалды ырбатканга да алып келбеши керек.

Байкоочулардын көпчүлүгү соңку отуз жыл ичинде Израил биринчи мерте Сирияга сокку уруп, белгилүү бир максаттарды көздөгөндүгүн айтып жатышат. Баарыдан мурда акыркы кездерде жөөт кабинети региондогу абалды жөнгө салууну көздөгөн “төртүктөрдүн” активдүү кысымына кабылды. Октябрдын башында эле Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кокус “жол картасы” планын үзгүлтүккө учуратса, Израил Вашингтондун финансылык жардамынан ажырай тургандыгын эскерткен эле. Европада болсо Иордан дарыясынын батыш жээгинде Израил куруп жаткан “коопсуздук коргону” палестин аймактарын аннексиялоо планы катары кескин сынга алына баштады. Ошондуктан Ариэл Шарондун кабинетине эл аралык мындай кысымдан чыгуу керек эле. Муну Израилдин элчиси Дан Гиллермандын сөздөрү баамдаткандай болду. Жөөт элчиси, атап айтканда, региондогу азыркы кырдаалды - 11-сентябрга, ал эми Сириянын жетекчилерин – бин Ладенге салыштырды. Вашингтон өзү да Сирияны кыйкымдап жүрүп, кийин башка проблемалар менен алаксып кеткен эле. Байкоочулардын айтымында, Шарон, сыягы, ”террористтердин көмөкчүсү” деп аталып жүргөн Сирияны кайрадан америкалык жетекчиликтин эсине салууну эп көрсө керек.

Сирияга ракета жабылтып, Шарон ички саясий турмушта да позициясын бекемдеп алышы ыктымал. Биринчиден, акыркы акция Израилдин өзүндө чечкиндүү кадамдарды талап кылган радикалдардын кыбаасын кандырат, экинчиден Шарондун өзүнө байланыштуу башталган коррупциялык жаңжалдан коомчулуктун көңүлүн аз да болсо алагды кылат.
XS
SM
MD
LG