Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

«СПИД» БОРБОРУНУН КИТЕБИН ЖОК КЫЛУУ ҮЧҮН СОТТОШУУ БАШТАЛДЫ


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «СПИД» борбору тарабынан чыгарылган китеп боюнча доо арызды карай баштады. Андай арыз менен «Кыргызстандыктардын арнамысын коргоо» бирикмесинин жетекчиси Акин Токталиев кайрылган. Доогердин арызында «китеп улуттук арнамыска жана каада-салттарга төп келбейт, үй-бүлөнүн ынтымагына доо кетирет» деген доомат коюлат. Ушуга байланыштуу ал жоопкер тараптан 5 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүүдө.

«Жашоонун сергек мүнөзү» деген окуу китеби 1999-жылы республикалык "СПИД" борборунун башчысы Борис Шапиро баш болгон авторлор тарабынан орус жана кыргыз тилдеринде окутуучулар үчүн чыгарылган. Китептин баш сөзүндө «БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият, Саламаттык сактоо министрликтеринин колдоосу менен чыгарылды» деп жазылган.

Бул китеп эл арасында ар кандай талаш-тартыштарды жаратты. «Бул китептин чыкканы жакшы болду, ал жаман илдеттерге чалдыгуунун алдын алат» дешет айрым байкоочулар. Башкалары болсо «бул китеп улуттун менталитетине, улуттук каада-салттарга анча ылайык келбейт» дешет. Кээ бир адамдар китептеги көрсөтмөлөр боюнча мектепте жана үйдө балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө таптакыр мүмкүн эмес экенин айтып, караманча каршы чыгышты.

Алардын бири, «Кыргызстандыктардын арнамысын коргоо» уюмунун жетекчиси Акин Токталиев бул китепти чыгарган авторлорду жана басмаканаларды сотко берген. Адегенде доогердин мындай арызын кароодон соттор баш тартышкан. Токталиев өз үй-бүлөсүнө китептин тийгизген терс таасири тууралуу арызданган. Анын арызын карай баштаган күнү китеп боюнча сот ишине 25тен ашуун жактоочулар катышып, сот имаратынын алдында пикет уюштурушту.

Сот ишине жетекчилик кылуучу судья Максуда Оморова доогер жана жоопкер тараптарды, алардын жактоочуларын каттап, сот тергөөсүн 28-октябрдан баштап жүргүзөөрүн жарыя кылды. Сотко Билим берүү жана маданият министрлигинен эч ким келген жок.

Акин Токталиев «мындай китепти ата-энелер менен балдардын ортосунда ачык-айкын окууга али эртелик кылат. Тескерисинче, ал үй-бүлөдө бала менен ата-эненин мамилесине доо кетирет» деген пикирин айтты. Ал бул китепти түп тамыры менен жок кылып, аны чыгарган тараптан 5 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон суранды.

Укук коргоочу Турсунбек Акун да «Токталиевдин арызданышы жөндүү» деп эсептейт:

- «СПИД» борбору тарабынан чыгарылган китеп кыргыздын улуттук каада-салтына таптакыр туура келбейт. Андай китепти мектепте окутууга ата-энелер, бир топ жергиликтүү тургундар каршыбыз.

Ал эми китепти чыгарган авторлордун бири, «СПИД» борборунун кызматкери Лариса Башмакова «Акин Токталиевдин сотко арызданышына жана аны жактоочулардын арыз-дооматтарына макул эмесмин» дейт:

- Менин пикиримде, сотко берүү негизсиз. Азыр китеп маселеси боюнча жагдай оор болуп бараткансыйт. Китеп мыйзамдардын негизинде жана эл аралык нормага ылайык жазылган. Ал китептин таржымалы тууралуу пенсия курагындагы адамдардан эмес, жаш өспүрүмдөрдөн сураш керек. Тилекке каршы, бул иш саясый мүнөз күтүп кетпесе болду.

Бул маселеде тиешелүү жерлерге кайрылып көргөндө бир топ адистер «китеп боюнча талаш-тартыштын чыгышына орус тилинен кыргыз тилине которууда бир катар кемчиликтер кеткени себеп» деп айтышты.

Аны саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов да өз сөзүндө мындайча бышыктады:

- Бул китеп - керектүү китеп. Ал мугалимдер үчүн чыгарылган. Албетте, которуудан бир топ мүчүлүштүктөр кетип калганы болбосо, китеп боюнча соттошууну туура деп эсептебейм.

Айтмакчы, Билим берүү жана маданият министрлигинин маалыматына караганда, «Жашоонун сергек мүнөзү» деген китеп мектеп программасынан алынып салынды. Министрликтин көз карашында, бул китепти жазып чыгаруу министрлик менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси Кенжекан Усупова мындай дейт:

- Бул китеп мектеп программасынан алып салынган. Анткени Билим берүү жана маданият министрлиги менен бул китепти чыгаруу боюнча маселе макулдашылган эмес. Анын үстүнө өтө одоно сөздөр менен которулган. Анын ордуна башка усулдук китеп чыгарып жатабыз.

XS
SM
MD
LG