Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

НАТО Ооганстандагы миссиясын кеңейтүүгө ниеттенүүдө


Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон билдирди. Анын айтымында, НАТО коопсуздукту сактоо иштерин Ооганстандын башкалаасы Кабулдан сырткары аймактарда да жүргүзүүгө негизинен даяр жана буга кыш айларына чейин эле жетишүүгө ниеттенип жатат. НАТОнун Ооганстандагы контингенти 5,5 миң жоокерден турат. Жакында Германия эгер аскерлерди америкалык командачылык эмес, НАТО башкарса, өз күчтөрүн Ооганстандын түндүгүндөгү Кунудуз шаарына жиберүүгө даяр экенин маалымадаган. Жорж Робертсон учурда АКШда жүрөт. Колародо Спрингс шаарында уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны өткөн жатат.

XS
SM
MD
LG