Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Калифорниялыктар штаттын губернаторун аныктоо үчүн добуш беришти


Эгер калифорниялыктардын басымдуу бөлүгү азыркы губернатор Дэвис Грей кызматынан кетишин жактаса, губернаторлукка көргөзүлгөн 135 талапкердин бири штаттын жаңы башчысы болуп шайланышы керек. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Калифорниянын губернаторлугуна атактуу киноактер, Республикачыл партиянын өкүлү Арнольд Шварценеггер шайланышы мүмкүн экенин көргөзүүдө. Калифорния - АКШнын эң чоң штаты, 15 миллиондой шайлоочусу бар. Демократиялык партиянын өкүлү, мындан бир жылча мурда эле экинчи мөөнөткө шайланган Дэвис Грей штаттын экономикасын башкара албай калганы үчүн күнөөлөнүп, аны кызматтан кетирүү маселеси жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG