Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Түркиянын парламенти коңшу Иракка аскер жиберишине өкмөткө уруксат берди


Мындай чечимдин кабыл алынышын парламентарийлердин басымдуу бөлүгү колдоду. Анкаралык расмий өкүлдөрдүн айтымында, эми Ирактын борбордук райондорунда 12 миңге чейин түрк аскерлери жайгаштырылышы мүмкүн. Жогорудагыдай өтүнүч менен мурдараак түрк өкмөтүнө АКШ кайрылган эле. Вашингтон түрк парламентинин чечимин кубаттады. Ирактын Башкаруу кеңеши болсо алдыда өлкө аймагына түркиялык аскерлердин киргизилишине камтамачылык билдирүүдө. Ал эми мунун аралыгында кечээ Багдадда Ирактын тышкы иштер министрлигинин кеңсеси гранатаметтон аткыланган, бирок жабыр тарткандар болгон жок. Багдаддан түндүк жана түштүк тараптарда болгон эки жарылуудан, соңку кабарларга караганда, америкалык үч аскер жана жергиликтүү котормочу каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG