Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Палестинанын премьер-министри Ахмед Корейи расмий түрдө кызматына киришти


Өкмөттү башкаруу ишин ал Израилге кан төгүүнү токтотууну сунуш кылуудан баштады. Корейи өз демилгесин Тель-Авивде чыгуучу "Маарив" гезитиндеги интервьюсунда билдирип, ок атуу токтотулса, кырдаалдын мындан ары начарлашына бөгөт коюлмак деп белгилеген. Израилдин эмгек министри Зевулин Орлев палестин премьеринин сунушун четке кагып, адегенде Корейи террорчулукка каршы олуттуу күрөш жүргүзөөрүн иш жүзүндө далилдеши керектигине басым жасады. Өткөн ишембиде Израилдин Хайфа калаасында палестин жанкечтиси жардырган бомбадан 19 киши мерт болгон, анын эртеси жөөт аскерлери палестиндердин Сириядагы болжолдуу машыгуу базасын аткылашкан. Шаршембиде Израил өкмөтү коопсуздукту күчөтүү чараларын талкуулаш үчүн атайын жыйын өткөрдү.

XS
SM
MD
LG