Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

АКШнын Калифорния штатындагы шайлоодо белгилүү киноактер Арнольд Шварцнеггер жеңди


Республикалык партиянын өкүлү Шварцнеггер Калифорниянын мурдагы губернатору, демократ Грэй Девистин орду үчүн ат салышкан 135 талапкердин арасынан алдыга озуп чыкты. Дэвис АКШдагы калкы эң көп штаттын начар экономикалык абалы, жумушсуздуктун өсүшү өңдүү себептерден улам Калифорниянын калкы кызматынан кайра чакыртып алган эң алгачкы башкаруучу болуп калды. АКШнын тарыхында бийик кызматка шайланган экинчи киноактер, теги австриялык Арнольд Шварцнеггер эң ириде элдин бийликке болгон ишенимин кайтарууну көздөөрүнө басым жасады:
- Алдыда бизди оор сыноо күтүп турат. Жалпы ийгиликке жетиш үчүн биз биригебизби, же өз ара күрөшүп, арабыздагы жараканы тереңдетип, калифорниялыктарды андан ары аңга түртөбүзбү? Бир нерсе айкын: элдин кызыкчылыгында саясатчылар адатта айрым жоготууларга батынууга тийиш.
Ал губернаторлук кызматка шайлоонун добуштары расмий түрдө ырасталган соң, 15-ноябрдан кийин киришмекчи. Шварцнеггерди алгачкылардан болуп Австриянын президенти куттуктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG