Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

М.МУРАТАЛИЕВ: ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ БАЯН


Мураталиев Муса, Москва Бул күндөрү орусиялык басма сөздө пайда болуп аткан макалалар арасында : Нобел сыйлыгын алган орусиялык эки окумуштуу туурасында, жакында Маскөөдө өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүнөн элес, эмне себептен “Хизбут-ут-Тахрир” партиясы Борбор Азия, Казакстанда кеңири таркап баратат, Бишкектеги Кыргызстандык-Орусиялык Славяндык университеттин жетишкендиктери сыяктуу маселелер бар.

Дүйнөдөгү эң баалуу да барктуу да сыйлык - Нобел сыйлыгы. Баалуу дегенибиз, аны алган инсан, Швециялык казнадан 1 миллион доллардай алакан акыны кошо алат.

Ал сыйлыкты илимий ачылыш жазаган илимпоз, өзгөчө дарамети бар жазуучу же коом турмушуна ири салым кошкон инсанга беришет. Бир артыкчылыгы - аны жер жүзүнүн кайсы элинде кайсы жеринде жашабасын үзүрдүү эмгек этип, дүйнө элдерине паана берер эмгек жазаган алат.

Быйыл орусиялык эки окумуштуу ошол, Нобел сыйлыгына татыктуу болгондугу маалымдалган кабар 7-октябрь күнү Швециянын баш калаасы Стокгольмдон келди.
Анда: «Нобел комитети 2003-жылкы физика илими боюнча сыйлыкты орусиялык эки окумуштуу Алексей Абрикосов менен Виталий Гинзбургга жана америкалык окумуштуу Энтони Дж. Леггеттага ыйгарууну ылайыктуу деп табат»,- делген.
Үч инсан тең физикалык илим теориясына ат көтөргүз салым кошуптур.

Орусиялык Илимдер Академиясынын Физикалык институтунда, 87 куракка барып калганына карабай, сабак берүүчү академик Виталий Гинзбург мындай дейт:

- Иш кылып аткан элем, Стокгольмдон бирөө телефон чалып калды. Дагы жакшы, англис тилин билемин, саал кулагым катуу болуп калды, болбосо... Ал жентлмен телефон чалып, сизге сыйлык берилди деди. Мен ишене бербей, “тамашалап аткан жоксузбу?” - деп кайра өзүнөн сурадым.

Эми Борбор Азия тарапты камтыган макалалар жердиги менен таанышканга өтөлү.
Баарыдан мурда, “Гудок” (08.10.2003) баскан “Ысыккөлдүн кызыл алмасы” аталыштагы макала көңүлдү бурат. Анда жакында Орусияда өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүнөн эсте калган элестер кеп болгон.

Туткучтай макалада, санай келгенибизде , автор тараптан 24 ысым аталып өтүлүптүр. Арасында: Акаев, Айтматов, Ибраимов, Ажибекова, Михалков, Баталов, Бейшеналиев, Аринбасарова, Абдыкалыков ж.б. бар. Ушунун өзү көргөзүп тургандай, бул жерде, автордун, эки элдин маданий алакасы советтик кезден эле даңгыр жодо жыйынтыгы жатат.

Диний экстремизм жагдайын териштирген макалалар да бар. Алардын ичинен “Российская газета” (08.10 ) баскан “Эмирлерге” багышталбаган ток-шоу” башкалардан өзгөчө турат.

Владимир Березовский жазганга караганда, Борбор Азия жана Казакстанда “Хизбут-ут-Тахрир” партиясына мүчө болуп өткөн мугалимдер, чыгармачылык менен алек болгон адамдар, журналисттер, саясий кызматкерлер, аскерий кызматкерлер, жогорку окуу жайынын окутуучулары кыйла бар.

Алар өздөрүн “дин үчүн күрөшүүгө” башыбызды сайып койгонбуз дешет. Алардын арасынан бийлик кармап абакка салгандар эсеби, бүтүндөй чөлкөмдү алып: өзүбек, кыргыз, казак, тажикти бирге алып эсептей келгенде миңдеп саналат. Бирок ага деле карабай, ислам байрагын көтөрүүгө даярмын деген кишилер саны күн санап өсүп атканы далилден өткөрүлгөн.

Ислам боюнча эксперт Орозбек Молдалиевдин айтканына караганда, “55 миллион эли бар аймактагы бардык жашырын топтордун эң коркунучтуусу “Хизбут-ут-Тахрир” болуп эсептелет”.

Ошол эле учурда Кыргызстанда ал партияны коргоого алган комитет бар деп жазат орусиялык гезит. Аны Төлөнбай Дыйканбаев уюштурган. Анын аты : “Хизбут-ут-Тахрир” мүчөлөрүн коргоо комитети” деп аталат делинет.

Бирмингем университетинин окутуучусу Галина Емельянованын пикири боюнча, “Хизбут-ут-Тахрир” – (Борбор Азияда, Казакстанда) экстремисттер менен террорчуларды даярдоого өтө ыңгай жай болгондугу менен коркунучтуу”.

Быйылкы жылдагы Нобел сыйлыгынын лауреаты Америкада жашап аткан окумуштуу Алексей Абрикосов мындай деди:

- Физика – бул абдан терең эл аралык илим. Ошондуктан ал орустуку же башканыкы боло албайт. Мен дайыма жөн эле физиканын патриоту болуп келатамын.

Маданият, агартуу жагына келсек, Орусияда өткөн Кыргызстандын маданият күндөрү президент Путин президент Акаевдин көзүнчө Кыргыз-Орусиялык (Славяндык) университетинин ректору Владимир Нифадьевди Дружба (Достук) ордени менен сыйлаган эле. Ошол кезди негиз кылып жазылган макаланы “Российская газета” (08.10) басты. Ачылганына 10 жыл толгон бул жогорку окуу жайы Борбор Азия чөлкөмүндө кантип өтө барктуу жана беделдүү университетке айлангандыгы кеп болгон.

Орус маселесин эсте тутуп жазылган ал макалада мындай көрүнүш КМШ жаатындагы өлкөлөргө өрнөк болууга тийиш деп айтылган. Андан ары кийинки тушта славяндык университеттер Арменияда, Беларусияда, Тажикстанда уюшулганы да белгиленет.
XS
SM
MD
LG