Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

АКШ: КАЛИФОРНИЯ «ТЕРМИНАТОРДУН» КОЛУНДА


Шейшембиде АКШнын эң көп калктуу штаты - Калифорниянын губернатору болуп атактуу киноактер Арнолд Шварцнеггер шайланды. Адаттан тышкаркы шайлоодо штаттын тургундары азыркы губернатор Грэй Дэвистин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиши үчүн добуш беришти. Көпчүлүк эл Америкадагы саясий тенденциялар дал ошол Калифорнияда башталат деген пикирде.

7-октябр күнкү шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 54 пайызы Дэвисти кызматынан кетирүүнү жакташты. Дээрлик 1,4 миллион шайлоочу Шварцнеггер үчүн добуш беришти. Экинчи орунда демократ Круз Бустаманте, үчүнчү – республикачыл сенатор, андан кийин – жашылдар партиясынын өкүлү жайгашты

Калифорниянын азыркы губернатору Грэй Дэвис экинчи мөөнөткө шайлангандан көп өтпөй, аны кызматынан чакыртып алуу кампаниясы башталган. Июль айына карата атайын комиссия референдум өткөрүүгө жетиштүү сандагы кол топтошту. Дэвиске штаттын экономикасынын төмөндөп кетиши жана бюджеттеги олуттуу кризиске жооптуу деген өңдүү кине тагылды. Августта Калифорниянын мамлекеттик катчысы губернатордук ат салышууга катышабыз деген 135 кандидатты каттоодон өткөрдү.

Шейшемби күнкү добуш берүүдө жеңилип калганын демократ Грэй Дэвис тарапкерлерине өзү жарыялады:

- Бүгүн эл менин ордума башка бирөө кызмат өтөшү керек деп чечти. Мен алардын тандоосун урматтайм. Азыр эле, бир нече мүнөт мурун Арнолд Шварцнеггерге губернатор болуп шайланышы менен куттуктоо үчүн телефон чалдым.

Ошентип, штаттын тарыхында биринчи, ал эми АКШнын тарыхында экинчи ирет губернатор кызматынан чакыртып алынды. Эми 34 миллион калктуу Калифорнияны 30 жылдык саясий тажрыйбасы бар профессионалдуу мамлекеттик кызматкер Грэй Дэвис эмес, австриялык иммигрант-актер Арнолд Шварцнеггер жетектейт. Жаңы губернатор шайлоонун жыйынтыктары расмий түрдө бекитилгенден кийин ишине киришет. Бул процедура 15-нобярга чейин аякташы керек. Шварцнеггер Дэвистин мөөнөтүнүн аягына чейин, 3 жыл иштейт.

Айрым байкоочулар Шварцнеггердин жеңишин алдын ала болжолдосо болот эле деген пикирде. Актердун популярдуулугу менен губернатордун башкаруусуна карата өсүп бараткан нааразылыкты эске алуу менен, добуш берүүнүн жыйынтыктары күтүлгөндөй эле болду. Угармандарга “Терминатор”, “Жырткыч” тасмаларындагы ролдору менен белгилүү Шварцнеггер өз кампаниясына 10 миллион доллар сарптаганын кошумчалай кетели.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары дайын болгондон кийин жаңы шайланган губернатор Калифорниянын элине ыраазычылыгын билдирди:

- Калифорниянын калкына рахматымды айткым келет. Бул өлкөгө келгенден бери мени колуңарды жайып, жылуу тосуп алдыңар. Мени кабыл алдыңар. Мага эбегейсиз мүмкүнчүлүк бердиңер.

Өз сөзүндө ал демократ же республикачыл болобу, улутуна, динине, рассасына, кары-жашына, бай-кедейлигине карабай, Калифорниянын ар бир жашоочусуна кызмат өтөөнү көздөөрүн да белгиледи.

Адатта Калифорниядан башталган саясий тенденциялар АКШнын башка аймактарына да кеңири жайылат. Ошондуктан аналитиктер калифорниялыктардын тажрыйбасын башка шаттардын да тургундары өздөрү үчүн үлгү катары кабыл алышы мүмкүн дешүүдө.

Башка бир байкоочулар Шварцнеггердин позициясындагы карама-каршылыктарды белгилешүүдө. Ал өзү президент Буштун республикачылар партиясынын мүчөсү. Анын жубайы Мария Шрайвер мурдагы президент Жон Кеннединин жээни, башкача айтканда, демократтардын үй-бүлөсүнөн.

Шварцнеггер ошондой эле социалдык программалардын жактоочусу катары салыктардын көбөйтүлүшүнө каршы туруму менен белгилүү. Эми ага өкмөт салыктарды жогорулатпай туруп, социалдык тармакка кантип жардам бере алаарын иш жүзүндө чечмелеп берүүгө туура келет. Болгондо да 8 миллион доллар бюджеттик таңсыктыгы бар Калифорния өңдүү штатта.

Аналитиктер жылдар бою демократтар үстөмдүк кылып келген Калифорниядагы Шварцнеггердин жеңиши республикачылардын көбүрөөк колдоого алынып келатышын айгинелейби же бийликтеги партиянын фискалдык проблемаларды чечүүгө күчү жетет деген ишеним эл арасында пайда болдубу азырынча айтуу кыйын дешүүдө.

XS
SM
MD
LG