Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

“TRANSPARENCY INTERNATIONAL”:КЫРГЫЗСТАН КОРРУПЦИЯ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛГАН ӨЛКӨ


Коррупцияга каршы күрөшүүчү “Transparency International” уюму бийлик адамдары арасындагы коррупция фактылары тууралуу 2003-жылдагы изилдөөсүн жарыялады. Изилдөө дүйнөнүн 133 өлкөсүндөгү өткөрүлгөн жана коррупциянын абалына ишкер-бизнесмендер менен катардагы жарандарды сурамжылоонун, ошондой эле кылдат өткөрүлгөн талдоонун негизинде баа берилген. Кыргызстан коррупция боюнча 133 өлкөнүн ичинен 119-орунду ээлеген.

“Transparency International” уюму 7-октябрда жарыялаган изилдөө саясатчылар менен бийликтеги кызмат адамдарынын арасындагы паракорлукту, алардын түздөн түз милдетин акча же баалуу белектерди алып бүткөрүүсү канчалык деңгээлде жайылганын чагылдырат.

Изилдөө, ошон үчүн, “Коррупцияны кабылдоонун көрсөткүчү” деп аталат.

“Transparency International” уюмунун Ортолук жана Чыгыш Европа боюнча директору Миклош Маршаллдын айтымында, региондогу экономикасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдө паракорчулук жана өкмөттүк кеңсеге иш менен кайрылган адамдан “үмүт” этүү бир кыйла кыскарган:

- Словения, Эстония, Мажарстан жана Литвада абал салыштырмалуу жакшы. Бул бирок, аларда коррупция жок дегенди билдирбейт. Ага карабай, алар экономикалык жагдай жакшырып бараткан өлкөлөрдүн алдыңкы тобуна киришет. Балтия өлкөлөрүнөн ичинен, Латвияда айрым олуттуу проблемалар болсо да, абал оңолуп барат. Өтө жай, лекин, абал жакшырууда.

Азыр биз санап өткөн өлкөлөргө изилдөөдө орточо 5 менен 6 ортосундагы баа берилсе, бийлик адамдары арасында коррупция аз деген Финляндия жана Исландия эң жогорку 10 деген баага татышкан.

Өзгөчө көңүл бурчу жагдай, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттери сыяктуу эле өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында коммунисттик “тушоодон” бошонушкан.

Анткен менен, Борбор Азия өлкөлөрү узун тизменин аяк жагынан кезектеше орун алышкан. Алсак, Тажикстан коррупция өтө терең тамырын жайган өлкөлөрдүн тизмесинде 128, Өзбекстан 103, Казакстан 101 орунда турушат. Ал эми Кыргызстан 119-орунду ээлеген.

“Transparency International” уюму Кыргызстанга 2000-жылы 2,2 упай, быйыл 2,1 упай койгонун айтсак, өлкөдө коррупцияга каршы эч кандай күрөш жүрбөгөнүн же андай аракеттен майнап чыкпай жатканын көрөбүз.

Германиялык саясатчы, бир жылдары Кыргыз Республикасынын президентине жана премьер-министрине кеңешчиси болгон Эрнст Албрех айткандай, пара же баалуу белек-бечек алды деп бети ачылган чиновниктер менен казынага кол салган бийлик адамдары жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берилмейинче, бул илдетке каршы күрөшүү кыйын.

Миколаш Маршаллдын сөзүнө караганда, мамлекеттик контрол күчтүү өлкөлөр “Transparency Internationalдын” изилдөөсүндө эркин экономикалуу өлкөлөргө караганда жогору баа алышы мүмкүн:

- Чынында эле, биздин ортобузда келерки изилдөө Белорусту камтыш керекпи деген суроо боюнча талаш-тартыш бар. Бул алма менен алмурутту салыштыргандай эле кеп. Себеби, Чех Республикасы жана бир топ өлкөлөрдүн рыногу башка дөөлөттөргө салыштырганда эркинирээк эсептелет. Аларда экономика да эркин болгондуктан, коррупция үчүн мүмкүнчүлүк чоң.

Маршалл анын мекемесин кара майга бай өлкөлөрдөгү коорупциянын абалы өзгөчө тынчсыздантканын мойнуна алат:

- Бизди мунайга бай Азербайжан жана Казакстан сыяктуу посткоммунисттик өлкөлөрдөгү абал өзгөчө кооптонтот. Аларга жаман баа берилген жана абалдын оңолушу кыйын.

Мунайга бай өлкөлөрдүн жарандары кара майды иштетүүдөн табылган байлыктын үзүрүн тең көрүш керек. Көбүн эсе, андай болбюой, ныпа бийлик башындагылардын чөнтөгүнө түшкөнү кабатырлантат дейт Маршалл.

“Эмне сатып алганыңды ачык жарыяла” кыймылынын уюштуруучусу Дермутт О”Сулливан мунай ширкеттери жана өкмөт чыгыша-кирешесин жашырбай ачык жарыяласа, коррупция кыскармак деген ишенимде:

- Биз ширкеттерди жана бийликтерди сырттан алган акчалары жөнүндө маалыматты жашырбай толук жарыялоосуна жетишүүбүз керек.

О”Сулливан мырза “Эмне сатып алганыңды ачык жарыяла” кыймылын баштаган “Global Witness” уюмунун өкүлү.
XS
SM
MD
LG