Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

ТҮРКИЯНЫН ПАРЛАМЕНТИ ӨКМӨТТҮН ИРАККА АСКЕР ЖӨНӨТҮҮ СУНУШУН ЖАКТАДЫ


Хаким Озген Түркийанын парламенти, Ирактагы бейпилдик күчтөрүнүн курамына өлкө аскерлерин жиберүү жөнүндөгү өкүмөттүн сунушун басымдуу көпчүлүк доош менен колдоду.

Түркийанын мыйзам чыгаруу жыйынынын шейшемби күнү кечки олтурумунан кийин, парламемент спикери мындай жарыя жасады:

- Ирака аскер жиберүү жөнүндөүгү өкүмөттүн сунушу боюнча өткөн добуш берүүгө 543 депутат катышты. Мыйзам долбоорун 358 депутат жактады, 183депутат каршы жана 2 депутат калыс болду. Ушуга ылайык, мыйзам актысы кабыл алынды.

Ошентип, бир нече айдан бери Түркийа коомчулугун уу-дууга салып келген “Ирака аскер жиберүү” маселеси чечилип, примьер-министир Режеп Таййип Ердогандын өкүмөтү чоң бир сыноодон өттү. 1 жылдык мөөнөт менен чектелген бул мыйзам актысы - АКШ жетекчилиги астындагы коалитсийага каршылык көрсөтүү аракети улам курчуп бараткан Иракка мусулман аскерлеринин алгачкы ири контингентинин келишине жол ачты; Ирак согушуна байланыштуу солгун тарткан АКШ менен Түркийанын байланышында жаңы бир доор башталды. Бирок, бул мыйзамды парламенттин бекитүүсү- Түркийа Иракка дароо эле аскерлерин жөнөтө салат дегенди түшүнтүрбөйт. Алдыда дагы такталууну талап кылган бир катар маселелер бар.

Белгилүү болгондой, согуштан кийинки Иракта туруктуулукту калыбына келтирүү ишинде олуттуу кыйынчылыктар менен беттешип жаткан АКШ бир катар өлкөлргө, анын ичинде Түркийага да аскер жиберүүсүн суранып кайрылган. АКШ ошондой эле Түркийанын аскерлеринин Иракка келишине өзгөчө маани берет. Вашингтон мусулман калктуу Түркийанын аскерлерин союздаш кылып алуу менен, арабдар арасындагы “баскынчыл христийан күчү” деген кептен кутулууну көздөйт жана түрк аскерлеринин Иракка кирүүсү Иракка аскер жиберүүгө шашпаган айрым өлкөлөр үчүн оң үлгү болот деп да үмүттөнөт.

Мыйзам долбоорун талкуулоо улуттук мажлисте 2 жарым саатка созулду. Башынан бери мыйзамга каршы болуп келген оппозитсийадагы Жумуруйат калк партийасынын “талкууларды создуктуруу”аракеттери натыйжа бербей, парламентте көпчүлүк орунга ээ башкаруучу Адилет жана өнүгүү партийасынын дээрлик бардык өкүлдөрү долбоорду колдоду. Мажлистин олтурумунан кийин басма сөз кабарчыларынын алдында чыгып сүйлөгөн примьер-министир Режеп Таййип Ердоган, Иракка аскер жиберерден алдың АКШ менен бир катар суроолор талкуулана тургандыгын билдирди. Түрк аскери Иракка согуш үчүн эмес, согуштан жабыркаган калктын негизги керектөөлөрүн камсыздоо, ал жердеги башкаруунун тез арада ирактыктарга өткөрүлүп берилүүсүнө жана Иракты кайра тикелөө ишине көмөктөшүү максатында барат деди Ердоган:

Бирок, бул чөлкөмдү, анын ичинде Иракты 400 жыл бийлеп-башкарган Осмон империйасынын мураскери Түркийа жумуруйаты Иракка аскер жиберүүдө өзүнүн коопсуздугун да ойлоп жатат. Түркийа эң алды Ирактык түндүгүндө күрт мамлекетинин пайда болуусун өз коопсуздугуна коркунуч алып келчү фактор катары баалайт. Ошон үчүн ырасмий Анкара АКШ менен бул маселе боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ирактын түндүгүн пааналап жүргөн Күрд жумушчу партиясы-ПККнын күчтөрүнө каршы чогуу күрөшүүгө Вашингтондун убадасын алгандан кийин гана мыйзам актысын парламентке сунуш кылды. Ирактагы увактылуу башкаруу кенешинин күрт мүчөлөрүнүн жана Түндүк Ирактагы күрт партийаларынын Түрк аскеринин келүүсүнө каршы чыгуусун мына ушул өнгүттөн баалаш керек.

XS
SM
MD
LG