Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОРРУПЦИЯ МАСЕЛЕСИ


Азиза Турдуева, Кубат Оторбаев, Чолпон Орозобекова, Бишкек. «Коом жана турмуш» аттуу берүүбүздүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы коррупция маселесине кайрылмакчыбыз. Берүүнү Азиза Турдуева алып барат.

Азиза Турдуева:
- Урматтуу угармандар! Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшү соңку жылдары күч алып келе жаткандыгын эл аралык эксперттер да, жергиликтүү көз карандысыз иликтөө уюмдары да белгилеп келишет. Алардын иликтөөлөрүнө ылайык, кыргызстандыктардын көпчүлүгү өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган башкы фактор катары коррупцияны эсептешет.

Мына кечээ эле, баш кеңсеси Берлинде жайгашкан «Транспэренси Интернешнл» эл аралык уюму дүйнөнүн 133 өлкөсүндөгү коррупциянын өнүгүш деңгээлин иликтеп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Бул иликтөө боюнча Кыргызстан 119-орунду ээлеген. Мындан 4 жыл илгери ушул эле уюм 99 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтегенде Кыргызстан 87-орунду ээлеген. Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтары боюнча да Кыргызстан КМШдагы эң жарды 7 өлкөнүн ичинен коррупция абдан терең тамыр жайган мамлекеттердин катарына кирет. Кыргызстанда экономикалык кылмыштардын негизги түрлөрү катары мамлекеттик менчикти тоноону, чет өлкөлөрдөн алынган кредиттерди жеке кызыкчылыкта пайдаланууну, салыктарды төлөөдөн баш тартуунун жолдорун пайдаланууну, пара берүүнү жана эл чарба объектилерин менчиктештирүү жараянындагы башка кылмыштарды белгилей кетсек болот.

“Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшүнө эмне үчүн жол берилип жатат?” деген суроо, албетте, көпчүлүктү тынчсыздандырат. Бул боюнча биз айрым саясатчыларга, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кайрылган элек. Ѳлкөнүн Эсеп палатасынын төрагасынын кеңешчиси Наталья Лузинская белгилегендей, коррупция нормативдик-укуктук базасы чабал өлкөлөрдө өзгөчө күч алат:

- Нормативдик-укуктук, мыйзамдык негиздерди түрдүү багытта түшүндүрүүгө чиновниктерге жол берилген жерде коррупция өнүгөт. Мындай учурларда чиновниктер тигил же бул маселени өзү каалагандай чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Чиновник менен мамилеси жакшы адамдар же алардын тааныштары пара берип эле өз маселесин чече алат. Мамлекеттик чиновниктердин атуулдар менен жана ишкерлер чөйрөсү менен байланыш-катышы аз болушу керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев «Ѳлкөдө эмне үчүн коррупциянын өнүгүшүнө жол берилип жатат?» деген суроого төмөнкүдөй жооп берди:

- Эми бүгүнкү күндө чиновниктерден: «Кайсы акчага үй салып жатасың, кайсы акчага 50-60 миң долларлык машинелерди алып жатасың?» деп сураган эч ким жок болуп жатпайбы. Аларды жоопко тарткан эч ким жок. Тескерисинче, алар бийлик өкүлдөрү менен чогуу аралашып жүрүшпөйбү. Ал эми бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн мен «ууру ууруну «карма» деп эң биринчи кыйкырат» деген макалдай эле баалайм. Мен жакында эле палатага чиновниктердин мүлкүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылдым эле, аны депутаттардын көпчүлүгү колдобой коюшту. Бийлик коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүргүзбөстөн, кайдагы бир матрицаларды түзүп алып, чет өлкөлүк донор-уюмдарга отчет берүүнүн амалын издеп жүрөт. «Дагы акча беришээр бекен» деп, көз боемочулук кылышууда.

Ал эми айрым чиновниктердин пикиринде, коррупция - өткөөл мезгилди башынан кечирип жаткан өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш жана ага каршы күрөш кыска мөөнөттө натыйжа бере албайт. Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин кызматкери Кубанычбек Бегалиевдин ою ушуга жакын:

- Эми, бир түзүлүштөн экинчи түзүлүшкө өтүп жаткан коомдо коррупция сөзсүз түрдө болот. Кыргызстанда да өткөөл мезгилде коррупция орун алып жатат.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова болсо «Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшүнө бийлик өкүлдөрү күнөөлүү» деген оюн ортого салды:

- А. Акаев жана анын айланасындагылар элди алдап, Кыргызстанды үй-бүлөлүк коррупцияга айлантышты. Азыр аткаруу бийлигинде жалаң пара аркылуу келген адамдар иштеп жатышат. Ошону үчүн бүгүнкү күндө «коррупцияга каршы иштейбиз» деген менен, бул декларативдик түрдө болуп, практикалык жактан жакшы аракеттер жасала элек.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коррупция боюнча көптөгөн мисалдарды айтсак болот. Анда эмесе, бул боюнча сөздү кесиптешим Кубат Оторбаевге узатсам.

Кубат Оторбаев:
- Мен «Кыргызстандагы коррупциянын айкын мисалы» деп эсептелип келаткан Жалалабаддагы «Жибек Жолу» акционердик коомуна чет ѳлкѳдѳн алынган кредиттин тагдыры кандай болгону тууралуу сѳз кылсам.

Алгач кредиттин тарыхы тууралуу эки ооз кеп. «Жибек Жолу» акционердик коомунун мурдагы аталышы - «Гималай». Бул ишканада «Гималай» суусун жана балдардын азыгын чыгаруу максатында чет элдик «Андре» фирмасынан Кыргызстан 1997-жылы 23 млн. долларды ѳкмѳттүн кепилдиги менен карызга алган. Кредитти алып жатып, ѳкмѳт Улуттук банктын 25 млн. доллар ѳлчѳмүндѳгү алтын корун Швейцариянын «Union Bank of Switzerland AG» («UBS AG») банкына кепил катары калтырган. Келишим боюнча карыз 1997-жылдын 30-апрелинен тартып алына баштап, 2002-жылдын 31-майында толугу менен кайтарылышы керек эле. Бирок бул акча максатсыз пайдаланылып, натыйжада Улуттук банк Швейцариянын «UBS AG» банкындагы 25 млн. доллар каражатынын эсебинен 2002-жылдын 31-майында 23 млн. 431 миң долларды «Жибек Жолу» акционердик коому үчүн кайтарып берүүгѳ аргасыз болгон.

Жогорку Кеңештин Эл ѳкүлдѳр жыйынынын 7-октябрда ѳткѳн отурумунда депутаттар ѳлкѳнүн тышкы карыздары боюнча маселени карап, «Жибек Жолу» акционердик коомуна деп алынган 23 млн. долларлык каражатты коррупцияга байланыштырышты. Мисалы, депутат Исхах Масалиев башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевге: «Бул акчаны туура эмес пайдалангандарга кылмыш иши козголуп, бирок, ал иш кыскарып калган болчу. Эмне себептен алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт?» деген суроо берди.
Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев деген жооп узатты:

- Чындыгында, үч-тѳрт адамга кылмыш иши «ишке кайдыгер мамиле кылуу» деген берене менен козголгон экен. Бирок 2000-жылдын күз айында «мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен» деген негизде кылмыш иши кайра кыскарып калган. Мен мурдагы башкы прокурор бул ишке байланыштуу кандай маселе кѳтѳргѳнүн тактап туруп, анан сиздерге толук маалымат берейин.

Депутат Жаныш Рүстенбеков да ««Жибек Жолунун» кредитин максатсыз жумшагандар эмне себептен камалбайт?» деп, маселени кабыргасынан койду:

- Прокуратура болобу, күч органдары болобу, керек учурда кимди болбосун түрмѳгѳ отургузуп коёсуңар. Ж. Казакбаевди отургуздуңар, башка депутаттарды камап койдуңар…

Эл ѳкүлдѳр жыйынынын депутаттары: «Эмне себептен ѳкмѳт «Жибек Жолунун» карызын тез эле тѳлѳп берет да, ал эми «Жибек Жолу» болсо ал акчаны мамлекетке 25 жылда гана кайтарып бериши керек? Эмне үчүн «Жибек Жолуна» мындай жеңилдиктер берилип жатат?» деген суроо коюшту. Депутат Жеңишбек Эшенкуловдун ушундай маанидеги суроосуна финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Тѳрѳмырзаев мындай жооп узатты:

- Мамлекеттик бюджеттен тѳлѳп калбаш үчүн карызды кайтаруунун үстөк пайызын жогору кылабыз. Башкача айтканда, техникалык-экономикалык негиздемеге жараша инфляцияны эске алып, ага үстөгүн да кошобуз.

Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, чет элден келген кредиттерди колунда бийлиги бар адамдар алган. Ошондуктан кредитти алып, бирок кайтарбагандарды жоопкерчиликке тартуу ѳтѳ оор. Мыктыбек Абдылдаевдин пикиринде, коррупцияга каршы күрѳшүүгѳ башкы прокуратуранын күчү жетпей жатат. Ошондуктан Мыктыбек Абдылдаев депутаттарга «коррупцияга каршы чогуу күрѳшѳлү» деди:

- Ошол кредиттерди жѳнѳкѳй адамдар алган жок. Ал кредиттерди бийликте турган адамдар алышты. Мына ошол адамдарды жоопко тартып келгенде, билесиздерби, ошол тергѳѳнүн айланасында кандай интригалар болот? Тергѳѳнү алып барып жаткан адамдын күчү жетпей калып жатат, андайда. Андай интригаларга депутаттар, бийликтеги адамдар аралашып жатышат.

Азыр сиздер пикирин уккан, ѳлкѳнүн башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев белгилегендей, ѳлкѳдѳ коррупцияга каршы күрѳшүү ѳтѳ оор. Сѳздү сизге узаттым, Азиза айым.

Азиза Турдуева:
- Рахмат. Биз жогоруда белгилеп өткөндөй, буга чейин өлкөдө коррупцияга каршы күрөш боюнча бир топ эле жардыктар, токтомдор чыгып, иш-чаралар бекитилген. Бирок анын жыйынтыктары канааттандырарлык болбой жаткандыгы тууралуу ойлор коомчулукта ачык айтылып жүрөт. Бул маселе боюнча сөз кесиптешим Чолпон Орозобековада.

Чолпон Орозобекова:
- Рахмат, Азиза. Чынында эле кыргыз бийлиги соңку жылдары коррупциягы каршы айыгышкан күрөш жарыялагандай түрү бар. Кыргызстандын шору ушул коррупцияда болуп атканын президент жана бийликтин башка бутактары деле моюнга алып атышпайбы. Ошого негизделип Абийирдүү башкаруу кеңеши түзүлдү. «Коррупцияга батып кетиптир» деп, Экономикалык кылмыштуулукка каршы башкармалыкты да жоюп жиберишти. Бирок, кыргыз бийлигинин Болот Жанузаков баштаган өкүлдөрү коррупцияга каршы сүйлөгөн сайын коррупция ого бетер тамыр жайып аткандай сезилет. Эмне үчүн ошол күрөш майнапсыз болуп атат? Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Кубатбек Байболовдун оюнда, бул аракеттер курулай гана ишара:

- Кайдагы натыйжа болмок эле. Коррупцияга каршы колунда бардык шарты бар укук коргоо органдары эч нерсе кыла албагандан кийин, бир агенттик же кеңеш эмне кыла алат? Кыргыз бийлигинин бул аракеттери - жѳн гана ишара. Орусча айтканда, имитация… Азыр коррупцияга каршы эч ким күрѳшкѳн деле жок.

Ал эми Абийирдүү башкаруу кеңешине мүчѳ болгон депутат Темирбек Сариевдин айтымында, коррупцияга каршы агенттик түзүлгөн жок. Үч жолу чогулуш жасагандан кийин Абийирдүү башкаруу кеңеши айтылуу агенттикти түзүү идеясынан айныган экен. Анын оюнда, ириде укук коргоо органдарын оңдоо зарыл. Депутаттын айтымында, аларга статус берип, иш милдеттерин туура бѳлүштүрүү абзел.

Ал эми Жаныш Рүстенбековдун айтымында, кептин баары кадр маселесинде. «Мамлекеттик чиновник «кызматтан түшүп калгыча жеп-ичип калайын» деген психология менен отурат», дейт ал:

- Азыркы министрлердин биринин да элдин жашоосун оңдоюн деген ою жок. Бат эле ушул кызматтан кол жууй турганын билет жана ошол убакыттын ичинде болушунча акчалуу болуп калганга жанталашат. Биринин да иштѳѳ программасы, алдыда чоң максаттары жок.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каниметовдун оюнда, чыныгы коррупционерлер эл алдында өз жазасын алганда гана коррупциялык кылмыштар азаят. «Мамлекеттин акчасын жоготкондор ѳз кылганын мойну менен тартканда гана коррупциянын жолу аз да болсо буула баштайт. Ал эми кыргыз бийлигинин коррупционерлерге түшүнүксүз жумшак мамилесинен «Кыргызстанда коррупцияга каршы реалдуу күрѳш жок» деген бүтүм чыгарууга болот», - деп билдирди Жангороз Каниметов.

Урматтуу угармандар! «Кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы аракеттеринен эмне үчүн натыйжа жок?» деген суроого жооп издегенге аракет кылдык. Эми сѳз кезегин кесиптешим Азиза Турдуевага узатсам.

Азиза Турдуева:
- Рахмат, Чолпон. Уктуруубуздун соңунда «Ѳлкөдө коррупциянын өнүгүшүнө бөгөт коюш үчүн эмне кылыш керек?» деген сурообузга берилген жоопторго көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз. Бул маселе боюнча Эсеп палатасынын төрагасынын кеңешчиси Наталья Лузинская мындай дейт:

- Нормативдик-укуктук багытта олутуу иштерди жүргүзүү белгилүү бир деңгээлде коррупциянын азайышына алып келиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун администрация башчысы Токон Шайлиева болсо «коррупциялашкан чиновниктерди сот жообуна тартыш керек» деп эсептейт.

- Мыйзамдарды бузган чиновниктерди сот жообуна тартыш керек. Бизде болсо эмне болуп жатат? Коррупция боюнча сотко барганда эле башкача чечим чыгып калып жатпайбы. Сотко пара берип, сүйлөшүп алышып эле, жоопкерчиликке тартылбай жатышат. Сот системасы бизде туура эмес.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакирдин Жолчуев бул боюнча мындай пикирде:

- Коррупция маселесин чечиш үчүн биринчи кезекте өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртыш керек. Ошондой эле биз ыйман маселесине кайрылышыбыз керек. Улуттун менталитетине ылайык иш жүргүзүшүбүз керек. Ыймандуулук болсо, коррупция маселесин чечүүдө да натыйжага жетишебиз.

Урматтуу угармандар! Сиздер «Коом жана турмуш» аттуу берүүбүздүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Берүүнү даярдаган Азиза Турдуева.

XS
SM
MD
LG