Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

БАБАЛАРДЫН МУРАСЫНАН. БЕШИК ЫРЫ


Кыргыздардын ар бирине эң кымбат, эң бир ыйык болгон байыркы бешик ырларынын мааниси, бүгүнкү кездеги абалы кандай?

Байыртадан эле кыргыздар баласын «бактым, мазарым, отумду өчүрбөй, тукум улоочу мурасым» дешип, туу катары тутушкан. Абалтан кыргыздар «балалуу үй - базар» деп, Кудайдан көп бала-чакалуу болууну тилешкен. Анан ар бир ата-эне «бала боор эт менен тең бүткөн» деп, жыйган-тергенин, адам затындагы эң бир асыл касиеттерди, бир сөз менен айтканда өзүндө, жер жүзүндө болгон бардык жакшы нерсени балдарына арнаган. Болочоктогу өбөгү, жөлөгү, арка-бели боло турган баласын арчадан, эчки талдан, кайыңдан кооздолуп жасалган бешикке салышкан. Наристе талпына баштаганда, ал ыйлаганда сооротуш үчүн, же уктаарда бешикти терметкенде:

«Алдей, алдей, ак бөбөк,
Ак бешикке жат, бөбөк.
Кунан койду сой, бөбөк,
Куйругуна той, бөбөк.
Алдей, бөпөм, ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба.
Атаң тойго кетиптир,
Ак кесе толгон эт келет.
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толо сүт келет», деген шекилдүү жай жүрүштөгү, мээримдүү мүнөздөгү, көшүлткөн ыргактарга бай, жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыккан мукамдуу обондордо бешик ырларын ырдашкан.

Бешик ырларында күндөлүк жашоодогу турмуш, ата-эненин тойлордо, ар кандай иштерде жүргөнү, жашап жаткан заманы, келечеги ж.б. темалар баяндалган. Алар «Бешик ыры», «Алдей, алдей», «Сал билек» деген аттарда ырдалган. Качан наристе кас-кас туруп, бир-эки кадам шилтей баштаганда ата-энеси, агасы, эжеси:

«Тай-тай балам, тай балам,
Талпына кой, баса кой.
Шилте дагы бир кадам,
Бир кадам дагы аша кой.

Тай-тай балам, тай балам,
Тартынбагын, жүрө бер.
Бешигиң калды коштошуп,
Чырпыктан атты мине бер.

Тай-тай балам, тай балам,
Татынакай басканың.
Көтөрүп улам бутуңду,
Кызык экен шашканың.
Тай-тай балам, тай балам,
Баса бергин жай, балам», деп ак тилек айтышкан. Ал эми алгачкы жолу буту жерге тийген наристени ойноткондо ата-энеси, агасы, эжеси жана башкалар сол колунун алаканына:

«Бай, бай башы баланын,
Көп карап таң каламын.
Көөдөй кара чачың ай,
Көркүң ачкан кашың ай!
Кашынан да көзүчү,
Кантай аппак тиштери,
Мына, мына, мына бу.
Каруусунда күчтөрү.
Соз колуңду, созо бер!
Алаканың тосо бер!
Буудай куур, буудай куур,
Ысып кетсе чыдап тур!» – деп кытыгылап, наристенин көңүлүн шат кылышкан.

Маалыматтарга караганда, «Бешик ыры», «Алдей-алдей», «Сал билек», «Тай-тай», «Быйты-быйты» аттуу ырлар абалкы көчмөн кыргыздардын ар бир үй-бүлөсүндө ырдалган. Ата-эненин ички тунук сезими, коомдук турмушка болгон көз карашы камтылган терең мазмундуу ырлардын ар бир наристе үчүн тарбиялык мааниси өтө зор болгон. Бирок, Кеңеш доорундагы жана азыркы кездеги наристелердин көбү ак бешикке бөлөнбөй, айымдар бешик ырларын ырдашпай, бабалардан калган баалуу мурастарды баркташпай, көмүскөдө калтырып келатышат. Бул оюбузду бышыкташ үчүн айрым жаштарга кайрылганыбызда:

- Коляскада жатып чоңойдум. Бешик ырын уккан жокмун.

- Менин атым Кубан. Айылда төрөлсөм да бешикке жаткан эмесмин, ырын да билбейм.

- Мен бешикке же коляскага жатып чоңойгонумду билбейм. «Бешик ыры» деген сөздү биринчи угуп жатам, -
дешти.

Үмүт үзбөйлү. Балким ар бир үй-бүлөдө арча бешик термелип, бешик ырлары таңшыган кутмандуу күндөр, түндөр да келээр.
XS
SM
MD
LG