Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

БАЙЛАРДАН АЛЫНЧУ САЛЫК КЕМБАГАЛДАРГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыймылсыз мүлк салыгы дүйнөнүн 120 мамлекетинде бар. Кыргызстан да бул тажрыйбаны колго алууну чечти. Айрым байкоочулар “байлардан гана алынат” деп аткан бул салыктын өлчөмү жана аны кимдер төлөөрү азырынча белгисиз. Бул салыкты элеттиктер төлөбөй тургандыгы жана ал бир жылда бир төлөнөөрү маалым. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кыймылсыз мүлккө салык салыш үчүн анын баасын аныктоо тууралуу жобону талкууга алышты.

Кыймылсыз мүлк салыгы быйыл март айында кабыл алынган. Бул салыкты шаарда жашагандар, шаардын чет-жакасы жана курорттук аймактар төлөшөт. Үйүнүн наркы 500 миң сомго жетпегендердин бул салыкка тиешеси жок. Парламент менен өкмөт биргелешип, салык алынбачу сумманы “5 миң минималдык айлык” деп аныкташкан. Ишканалар менен уюмдардын имаратына 0,95%, ал эми жеке адамдар менчик үйүнө 0,35 % салык төлөшү керек. Эми кыргыз өкмөтү парламентке кыймылсыз мүлктөн салык алыш үчүн алгач анын баасын аныктоочу жобону көтөрүп келди. Мыйзам боюнча бул жобо өкмөт тарабынан иштелип чыгып, Мыйзам чыгаруу жыйыны аркылуу бекитилет.

Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, Кыргызстанга бул салыктын кереги жок болчу. «Мыйзамды кабыл алып бердикпи, арга жок, бул жобону да кабыл алып беришибиз керек», - деди депутат. Анын пикиринде, бул салык - жону кайышып турган элдин мойнуна артыла турган жүк. «Башка салыктарды азайтпай туруп жаңы салык киргизүү коомдогу социалдык жарылууга гана алып келиши ыктымал», - деп баса белгиледи И. Кадырбеков. Ал өзү шайланган Нарында үйлөр абдан арзан экенин айтып, коэффициентти жогорулатуу аркылуу бул салыкты төлөөчүлөрдүн санын болушунча азайтууга аракет кылаарын айтты.

Бул жобого ылайык Кыргызстандагы 22 шаарда кыймылсыз мүлк салыгы алына баштайт. Ал үчүн ар бир үйдүн жана имараттын баасын так аныктап алуу зарыл. Азыр кыймылсыз мүлктүн баасы 2-3 эсе кымбаттап кеткени белгилүү. Депутат Марат Султановдун айтымында, жободо үйлөрдүн мурдагы баасы эске алынып калгандыктан, колунда жок карапайым адамдар да бул салыкты төлөп калышы ажеп эмес.

Бишкекте үйлөр башка региондорго караганда кымбат экени маалым. Ошондуктан ал аймактарда башкалаадагыдай 500 миң сомдук өлчөмдү карманганга болбойт. Андыктан Бишкекке 1 деген коэффициент коюлса, Ошко 0,8, Нарынга 0,6, Карабалтага 0,5 деген өңдүү коэффициент коюу жөнүндө сунуштар бар. Ошондо Ош шаарынын үйлөрү 400 миң сомдон, Нарындын үйлөрүнүн баасы 300 миң сомдон ашканда гана үй ээлери салык төлөөгө мажбур болушат. Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, бул салык жергиликтүү бюджетке барып, шаарларга чоң колдоо болмокчу.

- Азыр шаарлардын акыбалы абдан жаман. Мисалы, Сүлүктү шаарын өнүктүрүүгө 1975- жылдан бери бир да тыйын бөлүнбөптүр. Ал эми мамлекеттин болсо шаарларды караганга шарты жок. Ошондуктан бул салыкты шаар жетекчилиги өзү чогултат да, шаардын турмушун оңдогонго, инфраструктурасын өнүктүргөнгө чоң жардам болот, - дейт Төлөбек Өмүралиев.

Талкууда маалым болгондой, адистер ар бир үйдү кыдырып, баасын аныктап отурбайт. Антүүгө убакыт жана шарт жогун айтышты. Компьютерде топтолгон маалымат боюнча баа коюлат. Эгер нааразы адамдар пайда болсо, комиссия түзүп, бааны кайра кароону сунуш кылууга укуктуу. Депутат Темирбек Сариевдин оюнда, бул жерде да коррупция пайда болушу мүмкүн. Бир канча кабат кымбат үйлөрү бар байлар акчанын күчү менен үйүнүн баасын түшүрүп алып, салыктан кутулуп кетиши да толук мүмкүн.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул салык элдин мойнуна кошумча жүк боло турганын мойнуна алды.

- Бул салык кирип аткандан кийин башка альтернативалуу жол табыш керек болчу. Жаңы салык кирип атабы, демек башка салыктарды азайтуу зарыл эле. Андай болгон жок. Арабаны тарта албай келатса, ого бетер жүгүн оорлотуп салып атабыз. Ошондуктан жок дегенде коэффициенттерди жогору коюп, элге жардам кылалы, - дейт Акылбек Жапаров.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кыймылсыз мүлктүн баасын аныктоо боюнча жобону азырынча кабыл алышкан жок. Ой-пикирлер менен сунуштардын баарын топтоп, ой калчап көргөндөн кийин добуш бермек болушту. Кыймылсыз мүлк салыгын Орусия он жылдан бери улам бир шаарга эксперимент катары киргизип келет. Адистердин айтымында, АКШ өкмөтү XX кылымдын башында ушул идеяны баштап, 50 жыл бою ар кандай эксперименттерди баштан кечиргенден кийин гана бүтүндөй өлкөгө жайылткан экен.

XS
SM
MD
LG