Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

КЫРГЫЗСТАНДА «ХИЗБ-УТ-ТАХРИР» УЮМУ ӨЗ ТААСИРИН КҮЧӨТҮҮДӨ


Кыргызстанда «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна байланышкан жагдай оор бойдон калууда. Азыр бул уюмдун өкүлдөрү калктын билимсиз, жарды катмарынын арасында таасирин күчөтүүгө көп күч жумшап атышат. Ал эми коомчулук жактабаган «Ахмадия», «Саентология» өңдүү уюмдардын ички мыйзамдарга кайчы келген аракеттери байкала элек. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Каттоодогу уюмдардын ичинен «Ахмадия» коомун, «Саентология», «Универсал» чиркөөлөрүн жаңылыш катталган диний агымдар катары санагандар Кыргызстанда аз эмес. Бул багытта комиссиянын дарегине көп дооматтар түшүп турат. Бирок алар бул тараптардын Кыргызстандагы ордун аныктоо боюнча кандайдыр-бир чечим чыгарууга негиз берген жери жок. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Өмүрзак Мамаюсуповдун айтымында, мындай маселе мыйзамга ылайык сот аркылуу гана чечилиши керек. Сотко болсо доо арыз түшкөн учурлар каттала элек. Азыр комиссия бул тараптар менен демократиялык принциптердин жана ички мыйзамдардын чегинде үзгүлтүксүз пикир алышууда. Тараптардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдарга кайчы жагдайлар байкала элек. Бирок, бул үч диний уюмдун ичинен «Универсал» чиркөөсүнүн ишмердүүлүгүн жакында Башкы прокуратура убактылуу токтотту.

Анын себебин Өмүрзак Мамаюсупов мындай деп түшүндүрдү:

- Каттоодон ката кеткен, каттоо учурунда алардын кайсы динге таандык экендиги аныкталган эмес. Алар сыйынуу иштерин уставда көрсөтүлгөн жайларда эмес, башка жерде өткөрүшкөн.

Ал эми «Ахмадия» уюмун Кыргызстандын мусулмандары «исламдын салттуу ишенимине кайчы иш алып барышат» деп сындап жүрүшөт. Саентологдорду айрым ишмерлер шайтанга сыйынгандардын уюму катары сыпатташат. Маселен, атын атагысы келбеген диний гезиттин кабарчысы өз өмүрүн кыюуга даяр болуп калган бир кыздын өмүрүн сактап калууга катышканын айтат. Анын айтымында, чиркөөнүн таасирине кирген бул кыз бир түндө чачын кырдырып, өлүмгө даяр болуп калган:

- Саентологияга каршы болгон жалгыз эле мен эмесмин. Эл аралык чөйрө да каршы. Ошондуктан, Кыргызстанга эмнени киргизгенин, анан ага эмне үчүн ушундай кенебестик менен мамиле кылып жатканын сезип, өкмөт өзү күрөшүшү керек. Дүйнөлүк коомчулук буга каршы болуп атса, эмне үчүн биз өз атуулдарыбызга ушундай мамиле кылабыз?

Дин комиссиясынын башчысы маалымат жыйынында Кыргызстанда кооптуу жагдай түзгөн диний агым катары жашыруун аракеттенген «Хизб-ут-Тахрир» уюмун атады. Ал азыр жумушсуз, билимсиз, карапайым калктын арасында өз таасирин күчөтүүгө көбүрөөк күч жумшап, өз ишин саясатташтыруу аркылуу ийгиликке жетүүгө аракет кылууда. ««Хизб ут-Тахрир» бизге каршы агрессивдүү иштеп атат, ошондуктан аны четтетиш үчүн жалпы коомчулуктун колдоосу керек», дейт Мамаюсупов. Азыр Кыргызстанда бул агымдын канча мүчөсү бар экенин эч ким так айта албайт. Мамаюсуновдун айтымында:

- Массалык маалымат каражаттарында 3000-5000 деп айтып жүрүшөт. Мен деле ушунун тегерегинде деп ойлойм.

Маалымат жыйынында белгиленгенге караганда, Кыргызстандагы диний агымдардын жалпы саны 260. Алардын арасында евангелисттердин «Мормон» агымы жок. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, аны каттоо тууралуу өтүнүч менен комиссияга эч ким кайрыла элек. Кыргызстанда мормондордун чиркөөсүнүн ачыла тургандыгы жөнүндө божомол пайда болгон. Мындай маалымат август айында АКШнын Юта штатынан делегация келип кеткенден кийин тараган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG