Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Француз кыз Атлантика океанын кайык менен жалгыз сүзүп өттү


25 жаштагы Мод Фонтенуа калактуу кайык менен мындан төрт ай мурда Канададан чыккан эле. 6 миң 700 чакырымды жалгыз сүзүп, бүгүн Испаниянын Ла Коронь портуна келди. Буга чейин бир да аял киши Атлантика мухитин кайыкта жалгыз кесип өткөн эмес.
Мод Фонтенуа Испанияга август айында эле келмек, бирок аба-ырайы бузулуп, бир айдан ашык жолдо кармалып калды. Транс-атлантикалык саякаты тууралуу сөзүндө ал "чындап корккон эмне экенин эми билдим" деди.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG