Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Алтайда белгисиз жандыктын катып калган буту табылды


Окумуштуулардын айтымында, альпинисттер 3 миң метр бийик тоолордон таап алган буттун ээси мындан миңдеген жыл мурда жашап өткөн. Орусиянын Ветеринардык академиясынын жана Алтайдын Айыл-чарба университетинин адистерине ылайык, коюу кызыл жүн баскан буттун баш бармагы үч муундан турат. Адамдын баш бармагында эки гана муун бар. Ал эми табышмактуу табылганын тизе түзүлүшү анын ээси эки буттап басып жүргөнүн айгинелейт.
Түбөлүк тоңдо жакшы сакталып калган анатомиялык табылга Сибирде эл оозунда айтылып келген "Йети" деген тири суук, адамга окшош зор жандыкка тийешелүү болушу мүмкүн. Бирок Алтай университетинин адиси Юрий Малофеев "бут адамдыкына эле окшош" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG