Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Ооганстандын түндүгүндө тажик-өзбек фракциялары өз ара согушуп жатышат


Улуту тажик Атта Мухаммaддын аскерлери менен теги өзбек Абдул Рашид Достумдун күчтөрү ортосундагы уруш кечээ башталган эле. Замбирек, танктар колдонулган согуш аракеттери Мазари-Шариф шаарынан 50 чакырым аралыкта жүрүүдө.
Атта Мухаммаддын орун басары Абдул Сабор салгылашта 70тен ашык киши oкко учуп, жараат алганын тастыктады. Ооганстандын Ички иштер министри Али Ахмад Жалали Мазари-Шарифке барып, кырдаалды тынчытууга аракет кылмакчы.
Анын аралыгында, мылтык, граната аткычтар менен куралданган адамдар Ооганстандын түштүк-чыгыш тарабында америкалык кербенге кол салышты. АКШ жактан жапа чеккендер болгон жок.

XS
SM
MD
LG