Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Ысыккөл облусунун айрым райондоруна кар аралаш мөндүр түшүп, эгин жыйноого жолтоо болууда


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун айрым райондоруна кар аралаш мөндүр түштү. Үч күндөн бери тынымсыз жааган жамгыр мөндүр аралаш карга айланды. Мындай аба ырайы Түп жана Аксуу райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнө таандык эгин аянттарына терс таасирин тийгизди. Чукул кырдаал түзүлгөн айыл өкмөттөрүнө «Кумтөр оперейтинг» компаниясы 10 тонна күйүүчү май берип, жардам көрсөттү. Ал эми комбайндар жетишпеген эгин аянттарына кошумча комбайндар жөнөтүлдү. Учурда облус боюнча 16600 гектар эгин, 28111 гектар картошка аянттарынан түшүм жыйнала элек.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG