Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

«Кыргызстанга келечекте «Хизб ут-Тахрир» уюму коркунуч туудурушу мүмкүн», деп эсептейт Өмүрзак Мамаюсупов


БИШКЕК. Өткөн 12 жыл ичинде Кыргызстанда өкмөт тарабынан бир да диний уюм жабылган жок. Ал эми каттоого тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын аймагында мурдагыдай эле үгүт иштерин улантууда жана ал келечекте өлкөгө чоң коркунуч келтириши мүмкүн. Бул жөнүндө бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда мусулмандардын 1600 мечити, 1 университети, 6 институту жана 41 медресеси бар. Мындан тышкары, Кыргызстанда Орус православ чиркөөсүнүн 44 храмы, католиктердин 3 бирикмеси, протестанттык багыттагы 216 диний объектилер, бахаилердин 12 бирикмеси, чет өлкөлүк конфессиялардын 20га жакын миссиялары, 11 окуу жайы, 7 борбору катталган. Өлкөдө миңге жакын чет элдик миссионерлер иштеп жатат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери маалымдашкандай, Кыргызстанда жаңылыш каттоодон өткөрүлгөн диний уюмдар да бар.

XS
SM
MD
LG