Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Мамлекеттик катчы менен президенттин басма сөз катчысы президент А.Акаевдин АКШ менен Францияга иш сапары тууралуу маалымат беришти


БИШКЕК. «Аскар Акаев баш болгон кыргыз делегациясынын АКШ менен Францияга иш сапары абдан жемиштүү болду. Франциянын президенти Жак Ширак Кыргызстандын мамлекет башчысы менен жолугушуу учурунда «Кыргызстан региондогу эң демократиялуу жана башка өлкөлөргө өрнөк болуучу өлкө» деген пикирин билдирди». Бүгүнкү басма сөз жыйынында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов ушундай маалымат таратты. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, Ж.Ширак А.Акаев менен жолугушуу учурунда Франция келечекте Европа Биримдигинде Кыргызстандын кызыкчылыктарын жана демилгелерин коргой тургандыгын убада кылды. А. Сегизбаевдин сөзүнө караганда, Франциянын мамлекет башчысы Кыргызстан менен аскердик, социалдык, саясий, экономикалык багытта кызматташтыкты өркүндөтүүгө макулдук берди.
Мындан тышкары, О.Ибраимов «президент А.Акаев Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп жатканда «Арнамыс» партиясынын АКШдагы мүчөлөрү имараттын алдына пикет уюштурганын биз көргөн жокпуз» деп билдирди. «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнүн Нью-Йорктогу наарызылык акциясы тууралуу партиянын Бишкектеги баш кеңсеси маалымат тараткан.
Ушул эле басма сөз жыйынында президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Кыргызстандагы айрым укук коргоо уюмдарынын иши тууралуу өз оюн ачыктады. Анын айтымында, кийинки убакта Кыргызстанда укук коргоо иши айрым адамдар үчүн үй-бүлөлүк бизнеске айланды. А. Сегизбаев буга Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин айланасындагы ызы-чууну мисал келтирди. Анын оюнда, Кыргызстандагы айрым белгилүү оппозиция өкүлдөрү үй-бүлөсү менен чет өлкөлөрдө жашоого мүмкүнчүлүк алышты. Алар мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, адам укуктарын коргобой эле Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугуна ар кандай пикирлерди таратып келишет, - дейт Сегизбаев. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаев соңку бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашайт. Ал Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу эл аралык коомчулукка дайыма маалымат берип келет.

XS
SM
MD
LG