Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Президент Буш Ирактагы согушту актап,оппоненттерин сынга алды


Нью-Гэмпшир штатындагы Портсмут аскери базасында сүйлөгөн сөзүндө ал согуш америкалыктарды коргоо үчүн зарыл болду жана Вашингтондун башка алтернативасы жок болчу деп билдирди. Американын коопсуздугу жөнүндөгү маселени жандиминин колуна салып бере албайт элем, ошондуктан аракеттенүүнү чечтим, деп айтты Буш. Буга кошумчалап Буш кол куушуруп, Саддам Хусейн качан акылына келет экен деп күтүп отура алмак эместигин да эске салды. Президенттин оппоненттери акыркы кездери Бушту Ирактагы саясаты үчүн арбын сынга ала башташты.Ошол эле учурда конгресстин өкүлдөр палатасынын атайын комиссиясы Ирактагы жана Ооганстандагы бейпилдик операциялары менен кайра куруу иштерине 87 миллиард долларга чукул каражат бөлүү сунушун жактырды. Эмки аптада бул маселе палатада талкууга коюлат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG