Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

ЮСАИДдин Казакстандагы жана Ош шаарындагы өкүлдөрү Жалалабад облусундагы бейөкмөт жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн АКШнын ЮСАИД агенттигинин Казакстандагы жана Ош шаарындагы өкүлдөрү Жалалабад облусундагы бейөкмөт жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. ЮСАИД агенттигинин өкүлдөрү облустагы дин тутуу эркиндиги менен диний экстремизм маселелерине кызыгышты. Укук коргоочулар облуста дин ишенимине чектөө жоктугун, исламдан башка христиандык бир нече түйүн эркин иштеп жатканын билдиришти. Алар мусулмандар менен капырлар бири-бирин душман санабай тургандыгын белгилешти. «Диний экстремизмге каршы күрөш» деген шылтоо менен Базаркоргон, Сузак, Өзгөн райондорунан 5 молдо жергиликтүү кызматтардын жардамы менен Өзбекстанга уурдалып, алардын бири өлүп кайтканын жолугушууга катышкандар мисал келтиришти. Укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан өз атуулдарын Өзбекстандын алдында коргой албай жаткандыгын айтышты.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG