Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөр азайууда


БИШКЕК. Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн азайганы соңку үч жылдан бери алгач ирет байкалууда. Буга «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китептин чыгарылышы жана 2001-жылдан бери өлкөнүн орто мектептеринде бул боюнча атайын сабактардын киргизилиши да себеп болду. Бул жөнүндө бүгүн Республикалык «СПИД» борборунун директору Борис Шапиро маалымдады. Анын айтымында, ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын азайышы - бир катар министрликтердин, жергиликтүү администрациялардын тиешелүү иш-аракеттеринин да натыйжасы. Быйылкы жылдын 9 айынын ичинде өлкө бюнча СПИД оорусунун ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн 98 киши катталды. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстанда СПИД оорусунун ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн 385 адам бар. Алардын ичинен 242 Ош облусунда, 67 Бишкекте, 64 Чүй облусунда, 5 Баткенде, 8 адам Жалалабадда катталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG