Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

ЕККУнун Варшавадагы жыйыны улантылууда


БИШКЕК. Бул күндөрү Варшавада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жыйынында «Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу демократиялык жараяндар жакшы өнүгүп жатат» деген пикирлер айтылды. Бул жөнүндө Кыргызстандын бул жыйынга катышкан өкүлдөрүнүн бири, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Варшавадагы жыйында Кыргызстанды укук коргоочу Рамазан Дырылдаев гана сынга алууда. Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча ЕККУнун Варшавадагы эки апталык жыйыны 6-октябрда башталган. Жыйынга катышкан кыргызстандык бир катар укук коргоочулар өкмөттүн айрым саясатын сынга алышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG