Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Акыйкатчынын пикиринде, Кыргызстанда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу укуктук жактан негизделген эмес


БИШКЕК. Өлкөнүн аткаруу бийлиги, радикал-исламчыл «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандыктан, «Кыргызстанда бул уюмдун ишмердүүлүгү катуу көзөмөлдөнөт» деген пикирде. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «бул уюмдун ишмердүүлүгүнө тыю салуу укуктук жактан негизделген эмес» деген көз карашта. Бул туурасында бүгүн «centrasia.ru» маалымат агенттиги жазып чыкты. Бүгүн Турсунбай Бакир уулу буга чейин өлкөнүн күч органдарына кайрылганын, бирок алар өлкөдө «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салган бир да документти көрсөтө алышпаганын «Азаттыкка» маалымдады. «Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылгамын. Алардын бири да мага керектүү документти бере алышкан жок. Мындай документти өкмөт токтом, депутаттар мыйзам чыгаруу менен кабыл алышы керек эле. Же болбосо президент өзүнүн жардыгын чыгарыш керек эле. Бүгүн андай нерсе жок», - деди Турсунбай Бакир уулу.
Кечээ Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Өмүрзак Мамаюсупов маалымат жыйынын өткөрүп, «Хизб ут-Тахрир» уюму өлкөгө коркунуч келтире тургандыгын айткан.

XS
SM
MD
LG