Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Былтыркы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 101,1%, чыгаша бөлүгү 99,1% аткарылган


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары 2002-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын карашты. Бул тууралуу адегенде депутаттарга финансы министри Болот Абилдаев маалымат берди. Анын айтымында, соңку алты жылдан бери биринчи ирет 2002-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 101,1%, ал эми чыгаша бөлүгү 99,1% аткарылган.
Бирок палатанын бюджет жана экономикалык саясат комитетинин башчысы Жеңишбек Эшенкулов республикалык бюджетти аткарууда олуттуу мыйзам бузууларга жол берилгендигин сөз кылды. Анын маалыматына караганда, өкмөт башчысы өз токтому менен беш жолу өлкөдөгү ири ишканаларды ар кандай себептер менен бюджетке салык төлөөдөн бошоткон. Мындан тышкары, айрым ишканалар иш жүзүндө салык төлөбөй, кагаз жүзүндө маалымат бергендиктен, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү ашыра аткарылган. Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгына караганда, республикалык бюджеттеги 7 берене аткарылган эмес. 475 млн. сом мыйзамсыз колдонулгандыгы ачыкка чыккан. «Өкмөт башчысы да мындай кемчилик кетирген министрликтерге эч кандай чара көрбөй жатат», - деди депутатат Ж. Эшенкулов.
Финансы министри Болот Абилдаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып «өкмөт башчысы өз токтому менен өлкөдөгү айрым гана салык төлөй албай калган ишканаларды салык төлөөдөн бошотту» деген пикирин айтты. Ал эми депутаттардын «Эмне үчүн өкмөт башчысы «Кумтөр» алтын кенин да салык төлөөдөн убактылуу бошотту?» деген суроосу жоопсуз калды. Талкуу кечке чейин улантылып, түшкү тыныгуудан соң депутаттар 2002-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын жактыруу тууралуу токтом кабыл алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG