Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Эл аралык уюм «Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк бар» деп эсептейт


БИШКЕК. Эгерде Кыргызстанда коррупцияга каршы бөгөт коюлбаса, өлкөгө чет элдик инвестициялардын тартылышы токтоп калышы толук ыктымал. «Транспaренси Интернешнл» эл аралык уюмунун өкүлдөрү Стиан Кристенсен менен Дональд Баусер бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында ушундай пикирин айтышты. Бирок алардын көз карашында, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк бар. «Транспaренси Интернешнлдин» өкүлдөрү белгилешкендей, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар жетиштүү болгону менен, алардын механизмдери кайра каралууга тийиш.
«Транспaренси Интернешнл» уюму жакында 133 өлкөдө коррупцияны кабылдоо индекси боюнча быйылкы иликтөөсүн ачыктаган. Анын жыйынтыгына ылайык, коррупцияны кабылдоо индекси боюнча Кыргызстан 119-орунду ээлеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG