Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Орусияда дагы бир журналист киши колдуу болуп өлдү


Орусиянын борбордук бөлүгүндө орун алган Тольятти шаарында саясий коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтеген гезиттин башкы редактору киши колдуу болуп өлдү. "РИА-Новости" кабарлагандай, "Тольяттилик серепчи" аттуу белгилүү гезиттин башкы редактору Алексей Сидоровду кечээ кечинде үйүнө кирип бараткан жеринен белгисиз адамдар көкүрөгүнө мычак малып өлтүрүп кетишкен. Сидоровдун Тольяттидеги эң окумал басылманын башкы редакторлугуна дайындалганына эки жыл толо элек болчу, андан мурун бул кызматта иштеген Валерий Иванов да киши колдуу болуп каза тапкан. Орусия өткөн жылы Эл аралык пресса институту тарабынан журналисттик ишмердик үчүн дүйнөдө Колумбиядан кийинки эле 2-орундагы коркунучтуу аймак деп табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG