Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Өзбекстандык укук коргоочулар тобу президент И.Каримовду кызматынан кетүүгө үндөштү


Өзбекстандык бир катар көз карандысыз укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү кол койгон билдирүүдө Каримовдун бийлиги демократиялык принциптерди, бардык эл аралык мыйзамдарды бузуп жатканы айтылган. Документте И.Каримов Өзбекстанды адам укуктары сакталбаган, коррупциялашкан, адамдарды куугунтуктап, милициянын күчү менен кысмактаган өлкөгө айландырганы баяндалат. Ушул айдын башында Өзбекстанда базарларда соода кылган адамдар өкмөт киргизген жаңы чектөөлөргө каршы демонстрацияга чыгышып, жакында тыюу салынган саясий партиялардын мүчөлөрү Ташкенде жана башка шаарларда жыйындар өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG