Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ирактагы АКШлык башкаруучу Пол Бремер өлкөдө кырдаал негизинен оңолуп баратат деп эсептейт


Анын айтымында, күнүмдүк чабуулдарды уюшкан экстремисттик топтор жүзөгө ашырууда. Бремер бүгүн "Эй-Би-Си" телеканалына берген интервьюсунда ирактыктар азыр суу жана электр менен согушка чейинки деңгээлде камсыздалып жатканын маалымдады. Ага удаа бүгүн Багдаддын түндүк жагында коалициялык күчтөргө жаңы кол салуу болуп, бир нече адам жарадар болгону кабарланды. Америкалык командачылык Багдадда кечээ кечинде буктурмадагы кол салуудан АКШлык эки аскер курман болуп, төртөө жараат алганын билдирген. Анын алдында полициянын имаратына кирип барып жарылган эки машинедеги бомбадан жанкечтилерден башка сегиз ирактык, испаниялык бир аскер жантаслим болушкан. Бүгүн Бакуба калаасында граната жардыруусунан ирактык төрт полициячы жараат алганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG