Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Иракта кан төгүү уланууда. Акыркы эки күндүн аралыгындагы түрдүү кол салуулардан жергиликтүү жана чет элдик ондон ашуун адам мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Ал эми америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, жогорудагыдай көрүнүштөр АКШ Ирактагы вазийпасын аягына чыгаруусуна тоскоол боло албайт.

Ирактагы америкалык аскерлер менен жергиликтүү тургундар бейажал өлүмгө дээрлик күн сайын туш болууда. Биздин радионун бул күндөрү Иракта жүргөн кабарчысы Валентинас Мите маалымдагандай, өлкөнүн башкалаасы Багдадда кандайдыр бир уруш тилкеси деле жок, бирок жаза басып алган ар бир адам бомба жарылуусуна же атылган окко кабылбасына эч ким кепилдик бере албайт.

Жалпысынан шаардагы кырдаал май же июнь айындагыдан жакшы көрүнгөнсүйт. Багдад согуш учурунда талкаланган аскерий жабдуулар менен техникадан тазаланган. Коомдук тартипти жергиликтүү полицейлер көзөмөлдөөдө. Америкалык аскерлер мурдагыга караганда аз көрүнгөнсүйт. Көчөдө жүргөн аялдар менен балдардын саны арбын. Бирок ошол эле учурда коркуу сезими күчтүү экени байкалат. Мейманканалар түрдүү тосмолор менен курчалган. Саясий партиялардын, диний уюмдардын кеңселеринде, мечиттерде да ушундай эле коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Автомат менен куралданган адамдар банктарды жана өкмөттүк кеңселерди кайтарып жатышат.

25 жаштагы Ум Захра Багдаддын байлар жашаган Мансур районунун тургуну.
Анын көз карашында коопсуздук мындан беш ай мурдагыдан начар:

- Беш ай мурун америкалыктар менен америкалык аскерлер жайгашкан жерлер гана бутага алынчу. Биз азыр баардык жерден коркунучту сезип жатабыз. Көчөлөргө чыккандан чоочуйбуз. Үйүбүз деле кооптуу. Мен базарлардагы жардырууларды да айтып жатам. Алар америкалыктарга сокку ургусу келүүдө, бирок алардын тегерегиндеги адамдар да жаракат алып же өлүп жатат. Азыр мурдагыдан бир топ кооптуу.

Айткандай эле бейшемби күнү Багдаддын байлар жашаган Мансур районунда, ижарага алган үйүнөн белгисиз адамдар испан элчилигинин дипломаты Хосе Антонио Бернал Гомести атып кетишти. Ушул эле күнү эртең менен Багдаддын шийиттер жыш жашаган Садыр районунда эки жанкечти түшкөн автоунаа полиция бекетин сүзгөндөгү жарылуудан алардан башка сегиз адам өлүп, 30тай киши жаракат алды.

Ал эми бейшемби күнү кечинде аталган райондун жанында күзөттө жүргөн жеринен буктурмага кабылып, америкалык эки аскер каза тапты, төртөөсү жарадар болгон. Ушуну менен АКШнын президенти Жорж Буш Иракта негизги аскерий операциялар аяктады деп жарыялаган 1-Майдан бери эле 90дон ашуун жоокер окко учту.

Президент Буштун бейшемби күнү Нью-Хэмпшир штатындагы Портсмут аскердик базасында сүйлөгөн учурунда билдиргенине караганда, анда АКШга түздөн-түз коркунуч туудурган Саддам Хусейндин режимин кулатуудан башка арга жок болчу. Америкалык аскерлерге жасалып жаткан кол салуулар АКШ Ирактагы вазийпасын аягына чыгаруусуна тоскоол боло албайт. Ирактагы коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер болсо Багдаддагы басма сөз жыйынында азыркы кол салуулардын төркүнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Коалицияга жасалган кол салуулардын 90%ы өлкөнүн 5%дайынын ичинде орун алууда. Бул - коалиция жана анын күчтөрү үчүн стратегиялык коркунуч эмес.

П.Бремердин айтымында, турмуш Иракта жалпысынан нормалдашууда. Калкты электр кубаты жана суу менен камсыздоо согуш алдындагы деңгээлге чыкты. Мектептер түгөл ачылды.

Мунун аралыгында 23-24-октябрь күндөрү Испаниянын башкалаасы Мадридде Иракты калыбына келтирүү боюнча донорлордун эл аралык конференциясы өтөөрү күтүлүүдө. Айрым баяндамачылардын пикиринде, кокус ага чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинде мунаса табылып, Ирак боюнча даярдалган жаңы резолюция кабыл алынбаса, донорлордун конференциясы ийгиликке жетээри күмөндүү. АКШ аскер жана каражат берүүчү өлкөлөрдү көбөйтүү үчүн БУУнун Ирактагы мандаты кеңейтилген резолюциянын кабыл алынышын көздөөдө. Бирок, Коопсуздук Кеңешинин кээ бир мүчөлөрү, асыресе Орусия менен Франция, АКШ Ирактагы бийликти жергиликтүү элге тезинен өткөрүп бериш керектигин белгилеп, резолюция долбооруна макул болбой жатат. Орусия менен Германия Коопсуздук Кеңешинде резолюция боюнча мунаса табылбаса, донорлордун конференциясын кийинкиге калтыруу керек деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG